Кыргызстанда эң жогорку айлык акы кайсы тармакта?

Кыргызстанда эң жогорку айлык акы кайсы тармакта?

КРнын экономикасында калктын реалдуу кирешелеринин тынымсыз көбөйүшүнүн натыйжасында ички суроо-талаптын өсүшү белгиленүүдө. Экономиканын дээрлик бардык секторлору өлкөнүн реалдуу ИДӨнүн эки орундуу көрсөткүчтөрүн 11,9 % деңгээлинде шарттоо менен оң динамиканы көрсөтүүдө.

Кыргызстанда дээрлик бардык негизги экономикалык тармактарда орточо айлык акы өткөн жылга салыштырмалуу кыйла өстү.

Улуттук статистика комитетинин маалыматына ылайык, 2026-жылдын май айында эң жогорку орточо эмгек акы финансылык ортомчулук жана камсыздандыруу тармагында катталган. Бул тармакта иштеген кызматкерлердин орточо айлыгы 99 миң сомдон ашып, өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу дээрлик 22 миң сомго көбөйгөн.

Экинчи орунда кен казуу тармагы турат. Бул багыттагы кызматкерлердин орточо эмгек акысы бир жыл ичинде 73,5 миң сомдон 101,6 миң сомго чейин жогорулап, өлкөдө 100 миң сомдук чекке жеткен алгачкы тармактардын бири болуп калды.

Алдыңкы бештикке ошондой эле:

-        маалымат жана байланыш – 89 миң сом,

-        транспорт жана жүк сактоо – 75,6 миң сом,

-        кайра иштетүү өнөр жайы – 73,5 миң сом кирди.

Мындан сырткары бир жыл ичиндеги эң олуттуу өсүш социалдык тармактарда байкалган. Айрыкча билим берүү жана саламаттыкты сактоо кызматкерлеринин эмгек акысы 2026-жылдын 26-мартындагы президент Садыр Жапаровдун  “эмгек акыны төлөө шарттарын жакшыртуу чаралары жөнүндө” жарлыгынын негизинде орточо эсеп менен эки эсеге көбөйгөн.

Билим берүү тармагында орточо айлык 26,2 миң сомдон 49,3 миң сомго чейин өсүп, дээрлик эки эсеге жакындады. Ал эми саламаттык сактоо жана социалдык тейлөө тармагында эмгек акы 27,1 миң сомдон 53 миң сомго чейин көбөйдү.

Айыл чарба тармагында да оң динамика байкалып, орточо айлык 27,8 миң сомдон 37,2 миң сомго чейин жогорулады, бирок эмгек акысы салыштырмалуу төмөн бойдон калган тармактардын катарында калды. Ошондой эле мейманкана жана ресторан кызматы (40,2 миң сом), искусство, көңүл ачуу жана эс алуу тармагында (44,6 миң сом) айлык акы төмөн бойдон калууда.

Салыштырмалуу таблицада 2025-2026-жылдын май айларындагы эң жогорку айлык акы төлөнгөн тармактар:

Тармактар

2025-жылы

2026-жылы

1 жылдык өсүш

Финансылык ортомчу/ камсыздандыруу

77 145  ⃀

99 007 ⃀

+28,3%

Пайдалуу кендерди казуу

73 532 ⃀

101 551 ⃀

+38,1%

Маалымат жана байланыш

74 801 ⃀

89 065 ⃀

+19,1%

Транспорт жана жүк сактоо

53 756 ⃀

75 645 ⃀

+40,7%

Курулуш

50 407 ⃀

65 106 ⃀

+29,2%

Билим берүү     

26 235 ⃀

49 301 ⃀

+87,9%

Саламаттыкты сактоо

27 150 ⃀

53 000 ⃀

+95,2%

Улуттук статистика комитетинин маалыматтары көрсөткөндөй, акыркы бир жыл ичинде дээрлик бардык экономикалык ишмердиктин түрлөрүндө эмгек акы жогорулады.

Мындан тышкары окуңуз

2027-жылы кайсы тармакка канча акча бөлүнөт?

2027-жылы кайсы тармакка канча акча бөлүнөт?

Кыргызстанда 2027-жылга карата республикалык бюджеттин кирешеси 727,3 млрд сом деп пландалууда. Бул 2026-жылга салыштырмалуу 176,1 млрд сомго же 31,9%га көп. Анын ичинде салыктык кирешелер 634 млрд сомду түзөт. Бул тууралуу кече Министрлер Кабинетинин жыйынында "Кыргыз Республикасынын 2027-жылга жана 2028–2029-жылдардын пландык

Ишкер Media
Фермерлер насыяны онлайн алат: "iDyikan" толук санариптештирилет

Фермерлер насыяны онлайн алат: "iDyikan" толук санариптештирилет

Фермерлер банкка барбай, документ чогултпай, кезек күтпөй насыя ала турган формат каралууда. Бул тууралуу Айыл чарба министрлиги кабарлады. Маалыматка ылайык, "iDyikan" платформасын толук онлайн-кредиттөөгө өткөрүү маселеси министрдин орун басары Мирбек Дүйшеевдин катышуусунда банк өкүлдөрү менен талкууланды. Учурда платформада фермерлер катталып, электрондук арыз берет жана онлайн-кезекке туруп,

Ишкер Media
Эксперттер Борбор Азия өлкөлөрүндөгү атом энергетикасынын келечегин талкуулашты

Эксперттер Борбор Азия өлкөлөрүндөгү атом энергетикасынын келечегин талкуулашты

24-сентябрда Бишкекте атом энергетикасы жана өнөр жайынын ардагерлеринин эл аралык союзунун колдоосу менен КРнын Энергетикасынын ардагерлер кеңеши” коомдук бирикмеси тарабынан “Кыргыз Республикасында атом энергетикасын жана технологияларын өнүктүрүүнүн келечеги” аталышындагы эл аралык семинар болуп өттү.   Иш-чарага Кыргызстандын атомдук жана энергетика тармактарынын ардагерлери, “Росатом” мамкорпорациясынын коомдук кеңешинин мүчөлөрү, коомдук уюмдардын

Ишкер Media
"Кыргызстандын 100 санарип лидер айымы" программасы жыйынтыкталды

"Кыргызстандын 100 санарип лидер айымы" программасы жыйынтыкталды

Мамлекеттик жана муниципалдык кызматтагы жетекчи айымдар үчүн уюштурулган программанын экинчи этабы аяктап, ийгиликтүү катышуучуларга сертификат жана статуэтка тапшырылды. Бул тууралуу Жаратылыш ресуртары министрлиги кабарлады. Маалыматка ыдайык, сыйлангандардын катарында Жаратылыш министринин орун басары Асель Раимкулова, Адам ресурстары башкармалыгынын башчысы Асель Карымбаева бар. Программа санарип платформалар, AI жана аналитика, санариптик коммуникация боюнча

Ишкер Media