Бишкек менен Шаньдун провинциясы кызматташуу тууралуу меморандумга кол коюшту

Бишкек менен Шаньдун провинциясы кызматташуу тууралуу меморандумга кол коюшту

Күн мурун Бишкек шаарында Кытай Эл Республикасынын Шаньдун провинциясынын Коммерция департаменти уюштурган "Кытай (Шаньдун провинциясы) – Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө мамлекеттер" аттуу соода-экономикалык кызматташтык боюнча конференция өттү.

Иш-чарага Бишкек шаарынын мэриясынын атынан мэрдин биринчи орун басары Кубанычбек Иманалиев катышып, борбор калаанын инвестициялык жана экономикалык мүмкүнчүлүктөрү тууралуу баяндама жасады.

Конференциянын жүрүшүндө Бишкек шаарынын мэриясы менен Шаньдун провинциясынын Коммерция департаментинин ортосунда кызматташуу жөнүндө меморандумга кол коюлду.

Документ соода-экономикалык, инвестициялык жана өнөр жай тармактарында өз ара пайдалуу кызматташууну өнүктүрүүгө, ишкерлердин ортосундагы байланыштарды чыңдоого жана биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу үчүн жагымдуу шарттарды түзүүгө багытталган.

Ошондой эле иш-чаранын алкагында Бишкек шаарынын мэриясынын өкүлдөрү Кытайдын мамлекеттик органдары жана бизнес өкүлдөрү менен жолугушууларды өткөрүштү. Анда инвестиция тартуу, шаардык инфраструктураны өнүктүрүү, өнөр жай жана санариптик технологиялар жаатындагы кызматташтыктын келечектүү багыттары талкууланды.

Күндүн негизги жаңылыктары — Telegram каналыбызда Каналга катталуу

Мындан тышкары окуңуз

Экономика

Акыркы жаңылыктар

Баары

Японияда депутатка шаардык кеңештин жыйындарына беткап менен катышууга уруксат берилди

Нарын шаарында жылуулук берүү 30 откана аркылуу жүргүзүлүүдө

Касымалиев COP31 алкагындагы Лидерлердин саммитинин ачылышына катышты

Кыргыз-өзбек айыл чарба министрлери кызматташуу боюнча сүйлөшүштү

Өз графиги жана маршруту: курьердин бир күнү