4-августтан баштап “Бала ырысы” жөлөкпулу бериле баштайт

4-августтан баштап “Бала ырысы” жөлөкпулу бериле баштайт

Кыргызстандагы үч жашка чейинки балдар үчүн жаңы, ай сайын берилүүчү "Бала ырысы" жөлөкпулунун алгачкы төлөмдөрү 2026-жылдын 4-августунан баштап бериле баштайт. Мамлекет тарабынан берилүүчү  жардамдын көлөмү айына - 1200 сомду түзөт.

Каражат июль айында кайрылган ата-энелерге “Элдик Банк” жана “А Банк” аркылуу берилет.

Эмгек министрлигинин маалыматы боюнча, өлкөдө үч жашка чейинки 440 миңден 470 миңге чейинки балдар жаңы жөлөкпул программасына катышып, тийиштүү каражатты ала алышат.

Эске салсак, ай сайын төлөнүүчү мамлекеттик "Бала ырысы" жөлөк пулу үч жашка чейинки балдары бар үй-бүлөлөргө кирешесинин деңгээлине карабастан дайындалган жана ага арыздарды кабыл алуу процесси 1-июлда башталган. Көпчүлүк жарандар арыздарды “Түндүк” мобилдик тиркемеси аркылуу санариптик түрдө тапшырышты.

Кыргызстандын экономика, бизнес, финансы тармактары боюнча маалыматтарды, ийгиликтүү ишкерлер менен болгон кызыктуу маектерди Ишкер MEDIA сайтынын Telegram, Facebook, Instagram, Threads жана Х каналдарынан окуп, көрүп туруңуздар. Ишкер MEDIA менен Сиз ийгиликке жетишесиз!
Күндүн негизги жаңылыктары — Telegram каналыбызда Каналга катталуу

Мындан тышкары окуңуз

Экономика

Акыркы жаңылыктар

Баары

Кадамжайда 60 үй-бүлөгө арналган социалдык шаарча курулууда

Өлкө аймагында жер титиреди

Тоскоол-Ата токой чарбасында 100 гектар жер тосулат

Быйыл 4 коллекциялык тыйын чыкты

Жыгач экспортуна тыюу салууну узартуу сунушталды