Кылмыштуу ишти каржылоого жана аны адалдоого каршы аракеттенүү маселеси талкууланды

Кылмыштуу ишти каржылоого жана аны адалдоого каршы аракеттенүү маселеси талкууланды

Бүгүн Кылмыштуу ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү маселелери боюнча ведомстволор аралык комиссиясынын 18-жыйыны болуп өтү. Ишчарага  Министрлер Кабинетинин Төрагасы Адылбек Касымалиев, Кылмыштуу кирешелерди адалдоого жана терроризмди каржылоого каршы күрөшүү боюнча Евразия тобунун эксперттери, Ведомстволор аралык комиссиянын мүчөлөрү жана мамлекеттик органдардын өкүлдөрү катышты.

Адылбек Касымалиев жыйынды ачып жатып, кылмыштуу кирешелерди адалдоого жана терроризмди каржылоого каршы күрөшүү боюнча улуттук системаны өз ара баалоонун үчүнчү айлампасы бул багыттагы иш-аракеттерди мындан ары өркүндөтүүдө маанилүү этап болуп саналарын белгиледи.

“Биз улуттук системага объективдүү жана ар тараптуу баа берүүгө ачыкпыз жана анын натыйжалуулугун жогорулатууга жардам бере турган сунуштарды күтөбүз”, — деп белгиледи Төрага.

Кыргыз Республикасы бул тармактагы мыйзамдык базаны ырааттуу түрдө өркүндөтүп жатат. Өз ара баалоонун экинчи айлампасынын жыйынтыгы боюнча кылмыш-жаза мыйзамдары жаңыланып, виртуалдык активдердин жүгүртүлүшүн жөнгө салуучу укуктук база түзүлдү.

Көмүскө экономиканы кыскартууга жана экономикалык ишмердүүлүктүн ачыктыгын жогорулатууга өзгөчө көңүл бурулууда. Бул багытта мамлекеттик башкарууну, ошондой эле салык жана бажы тармагындагы башкарууну санариптештирүү боюнча чаралар ишке ашырылууда.

Көрүлүп жаткан чаралар мамлекеттик бюджеттин кирешесинин өсүшүнө салым кошуп жатканы белгиленди. Мисалы, 2025-жылы КРнын ИДПсынын реалдуу өсүшү 11,1%ды түзүп, ИДПнын көлөмү болжол менен 2 триллион сомго жетти. Мамлекеттик салык кызматы тарабынан башкарылган салыктардын жана төлөмдөрдүн көлөмү дээрлик үч эсеге — 2021-жылдагы 106 млрд сомдон 2025-жылы 308 млрд сомго чейин өстү. Ал эми бажы түшүүлөрү 47 млрд сомдон 157 млрд сомго чейин көбөйдү.

 Өлкөнүн мындан ары да динамикалуу жана ар тараптуу өнүгүүсүн камсыз кылуу максатында, Кыргыз Республикасын 2030-жылга чейин өнүктүрүү боюнча улуттук программа бекитилди.

Жыйындын жүрүшүндө Кылмыштуу кирешелерди адалдоого жана терроризмди каржылоого каршы күрөшүү боюнча Евразия тобунун Кыргыз Республикасына болгон баалоо миссиясынын программасы сунушталды, ошондой эле даярдык иштеринин жүрүшү жана КРсы тарабынан жүргүзүлүүчү өз ара баалоонун үчүнчү айлампасына даярдыгы каралды.

Жыйындын катышуучулары Кылмыштуу ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди адалдоого каршы аракеттенүү боюнча КРнын улуттук стратегиясын иштеп чыгууну, ошондой эле тобокелдиктерди башкаруу, бенефициардык менчик ээлери жөнүндө маалыматтарды сунуштоо жана ишин жүргүзбөгөн юридикалык жактарды жоюу маселелерин талкуулашты.

Мындан тышкары окуңуз

Кумар оюндары жана лотерея ишмердүүлүгү сферасын жөнгө салуу мыйзам долбоору кабыл алынды

Кумар оюндары жана лотерея ишмердүүлүгү сферасын жөнгө салуу мыйзам долбоору кабыл алынды

7-октябрда Жогорку Кенеште депутаттар "Кыргыз Республикасынын оюн-зоок жана лотереялык ишмердүүлүгү чөйрөсүндөгү айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" мыйзамдын долбоорун биринчи окууда карады жана кабыл алыды. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин басма сөз кызаты жазып чыкты. Мыйзам долбоору туурадуу маалыматты Экономика жана коммерция министринин орун басары Беназир Нурланова

Ишкер Media
Бишкекте кыргыз-британ консультациялары өттү

Бишкекте кыргыз-британ консультациялары өттү

7-октябрда Бишкекте БУУнун Коопсуздук Кеңешинин күн тартиби боюнча кыргыз-британ консультациялары өттү. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлиги билдирди. Маалыматка ылайык, жолугушуу тышкы саясий ведомстволордун департамент жетекчилери деңгээлинде өтүп, тараптар эл аралык күн тартибиндеги актуалдуу маселелерди жана Коопсуздук Кеңештин ишинин артыкчылыктуу багыттарын талкуулашты. Өзгөчө көңүл Кыргызстандын 2027-2028-жылдарга БУУнун

Ишкер Media
Канттын, жумуртканын жана сүт азыктарынын баалары талкууланды

Канттын, жумуртканын жана сүт азыктарынын баалары талкууланды

Калкты негизги азык-түлүк товарлары менен камсыз кылуу, соода түйүндөрүнүн ата мекендик өндүрүүчүлөр менен өз ара кызматташуусу, ошондой эле канттын, жумуртканын, сүт жана сүт азыктарынын бааларынын түзүлүшү тууралуу бүгүн талкууланды. Монополияга каршы жөнгө салуу кызматы соода түйүндөрүнүн өкүлдөрү менен жумушчу жолугушуу өткөрүп, ата мекендик продукциянын жеткиликтүүлүгүнө карата көңүл бурулду. Аталган

Ишкер Media
Энергетикалык суусундуктардын жашы жете электерге жеткиликтүү экендигин изилдөөчү депутаттык топ түзүлдү

Энергетикалык суусундуктардын жашы жете электерге жеткиликтүү экендигин изилдөөчү депутаттык топ түзүлдү

7-октябрда Жогорку Кеңештин жыйынында депутаттар энергетикалык суусундуктарды жүгүртүүнү, алардын жашы жете электерге жана жаштарга жеткиликтүүлүгүн жана адамдын ден соолугуна терс таасир этүүсү мүмкүн болгон тамак-аштарды, алардын сапатын жана коопсуздугун, ошондой эле аталган сферада мамлекеттик жөнгө салуунун таасирдүүлүгүн комплекстүү изилдөөчү топ түзүлдү. Бул тууралуу ЖКнын басма сөз кызматы билдирди.

Ишкер Media