Кыргызстан менен Кытай техникалык жөнгө салуу жаатында кызматташтыкты өнүктүрөт
Бүгүн Экономика министринин орун басары Искендер Асылкулов Кытайдын Рынокту жөнгө салуу боюнча мамлекеттик башкармалыгынын делегациясы менен жолугушту. Бул тууралуу министрлик билдирди.
Жолугушууда техникалык жөнгө салуу, шайкештикти баалоо, сертификаттоо жана аккредитациялоо тармактарындагы эки тараптуу кызматташтыкты өнүктүрүү маселелери талкууланды. Кыргыз тарап өлкөнүн техникалык жөнгө салуу жана улуттук аккредитациялоо системалары тууралуу маалымат берди.
Кытай делегациясы өз өлкөсүнүн сертификаттоо жана аккредитациялоо системасы, ошондой эле шайкештикти баалоо жаатындагы практикалык тажрыйбасы менен бөлүштү. Тараптар тажрыйба алмашуу жана өз ара аракеттенүү механизмдерин өркүндөтүү боюнча пикир алышты.
Мындан тышкары, Экономика министрлиги менен Кытайдын Рынокту жөнгө салуу боюнча мамлекеттик башкармалыгынын ортосундагы меморандумду ишке ашыруу боюнча Иш-аракеттер планынын долбоору каралды. Тараптар документке киргизиле турган негизги багыттарды жана практикалык иш-чараларды талкуулашты.
Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар техникалык жөнгө салуу, сертификаттоо жана аккредитациялоо жаатындагы кызматташтыкты мындан ары кеңейтүүнүн маанилүүлүгүн белгилешти.