Эгемендүүлүк майрамына карата республика боюнча 105 социалдык объект пайдаланууга берилди

Министрлер Кабинетинин Төрагасы Адылбек Касымалиевдин жетекчилиги алдында Министрлер Кабинетинин кезектеги отуруму болуп өттү. Анын жүрүшүндө Адылбек Касымалиев сегиз айдын экономикалык жыйынтыктарына токтолуп өттү.

Эгемендүүлүк майрамына карата республика боюнча 105 социалдык объект пайдаланууга берилди

Министрлер Кабинетинин Төрагасы Адылбек Касымалиевдин жетекчилиги алдында Министрлер Кабинетинин кезектеги отуруму болуп өттү. Анын жүрүшүндө Адылбек Касымалиев сегиз айдын экономикалык жыйынтыктарына токтолуп өттү.

Төраганын айтымында, азыркы тапта өлкөдө туруктуу өсүш сакталып жатат. Маселен, ички дүң продукт 1 триллион 397 миллиард сомго жетип, экономикалык өсүш 11 пайызды түздү.

“Негизги капиталга инвестициялар 61,2%га, курулуш 61%га, өнөр жай 8,8%га, айыл чарбасы 6,4%га өстү. Бул – жакшы көрсөткүчтөр. Акыркы күндөрү өлкөбүздө жакшы иштер көп болду. Эгемендүүлүк майрамына карата республика боюнча 105 социалдык объект пайдаланууга берилди, 60 жаңы өнөр жай ишканасы ишке кирди. Бирок жетишкендиктерге токтолуп калбашыбыз керек. Биз үчүн өсүштүн саны гана эмес, анын сапаты, жаңы жумуш орундарын түзүшү жана элдин жашоосуна тийгизген таасири маанилүү. Ар бир министрлик, ар бир мамлекеттик орган өз тармагындагы көрсөткүчтөрдү талдап, артта калган багыттар боюнча ишти күчөтүшү керек”, – деди МинКаб Төрагасы.

Жыйында ошондой эле, Экономика жана коммерция министрлиги тарабынан даярдалган “2025–2030-жылдарга Кыргыз Республикасынын региондорун комплекстүү социалдык-экономикалык өнүктүрүүнүн мамлекеттик программасын бекитүү жөнүндө” Министрлер Кабинетинин токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү маселеси каралып, кабыл алынды.

Региондорду өнүктүрүү боюнча токтомдун негизги максаты – өлкөнүн бардык аймактарын тең салмактуу өнүктүрүү, жер-жерлерде жумуш орундарын түзүү, элдин жашоо шартын жакшыртуу.

Бул жолку жыйында кабыл алынган чечимдер өз убагында жана толук аткарылышы керектигин белгилеген Министрлер Кабинетинин Төрагасы Адылбек Касымалиев, отурумдун күн тартибине кирген маселелер боюнча бир катар тапшырмаларды берди.

Мындан тышкары окуңуз

Чек арадан ири мүйүздүү малды контрабандалык жол менен өткөрүүчү туруктуу канал аныкталды

Чек арадан ири мүйүздүү малды контрабандалык жол менен өткөрүүчү туруктуу канал аныкталды

УКМК Чек ара кызматы менен биргеликте Баткен облусунун аймагында КРнан Тажикстан Республикасына мамлекеттик чек ара аркылуу ири мүйүздүү малды контрабандалык жол менен өткөрүүнүн туруктуу каналын аныктап, ага бөгөт койду. Соттун санкциясы менен жүргүзүлгөн атайын тергөө иш-чараларынын жүрүшүндө КРнын жарандарынын тобу тарабынан өздөрүнүн кылмыштуу ишмердүүлүгүн жашыруу максатында, колдоо көрсөтүп туруу

Ишкер Media
Салык түшүүлөр 309 млрд сом болуп, план ашыгы менен аткарылды

Салык түшүүлөр 309 млрд сом болуп, план ашыгы менен аткарылды

Мамлекеттик салык кызматынын төрагасынын орун басары Кубанычбек Ысабеков Кыргызстандын салык системасы экономиканын өсүү темпине жетише албай жатат деген маалыматты четке какты. Бул тууралуу мекеменин басма сөз кызматы кабарлады. Анын айтымында, мындай билдирүүлөр чындыкка дал келбейт. Акыркы жылдары Салык кызматы салыктык башкарууну жакшыртып, көмүскө экономиканы кыскартуу боюнча иш алып барууда. 2025-

Ишкер Media
Бажыны санариптештирүү жана бизнес менен өнөктөштүк форуму болду

Бажыны санариптештирүү жана бизнес менен өнөктөштүк форуму болду

Бүгүн, “Ала-Арча” мамлекеттик резиденциясында “Заманбап бажы: санариптик трансформация, эл аралык кызматташтык жана бизнес менен өнөктөштүк” аттуу форум болуп өттү. Иш-чаранын уюштуруучусу, Мамлекеттик бажы кызматынын маалыматына караганда,  ага бажы кызматынын, "МБИ" ААКтын, "Бирдиктүү терезе" борборунун, "Салык Сервис", "Кызмат" ишканаларынын өкүлдөрү, Электрондук

Ишкер Media
Ошто жаңыланган чек ара комплекси пайдаланууга берилди

Ошто жаңыланган чек ара комплекси пайдаланууга берилди

Бүгүн Ош шаарында Мамлекеттик чек ара кызматынын Ош облусу боюнча башкармалыгынын жаңыланган комплекси ачылды. Бул тууралуу шаардык мэрия кабарлады. Маалыматка ылайык, салтанатка президент Садыр Жапаров катышты. Реконструкцияда штаб, казарма, ашкана, медпункт, спорт комплекси жана турак жайлар толук жаңыртылды. Иш-чарада онлайн форматта дагы 2 объект - Чүйдөгү "Ойронду" жана

Ишкер Media