Кыргызстан Кытайга “Торугарт” өткөрмө пунктун 24/7 иштетүүнү сунуштады

Кыргызстан «Торугарт» автожол өткөрмө пунктун Кытай тараптан суткасына 24 саат, жумасына 7 күн иштөө режимине өткөрүүнү сунуштады. Бул маселе 7–8-сентябрда Кытайдын Үрүмчү шаарында өткөн Кыргызстандын жана Кытайдын чек ара бажы органдарынын жетекчилеринин жылдык жолугушуусунда талкууланган.

Кыргызстан Кытайга “Торугарт” өткөрмө пунктун 24/7 иштетүүнү сунуштады

Кыргызстан «Торугарт» автожол өткөрмө пунктун Кытай тараптан суткасына 24 саат, жумасына 7 күн иштөө режимине өткөрүүнү сунуштады. Бул маселе 7–8-сентябрда Кытайдын Үрүмчү шаарында өткөн Кыргызстандын жана Кытайдын чек ара бажы органдарынын жетекчилеринин жылдык жолугушуусунда талкууланган.

Бул иш-чарага кыргыз тараптан - Мамлекеттик бажы кызматынын, Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинин өкүлдөрү, ал эми кытай тараптан КЭРнын Башкы бажы башкармалыгынын өкүлдөрү катышышты.

Жолугушууда бажы көзөмөлүнүн натыйжалуулугун жогорулатуу, өткөрүү пункттарынын өткөрүү жөндөмдүүлүгүн кеңейтүү жана эки өлкөнүн тышкы соода байланыштарын өнүктүрүү маселелери каралды.

КРнын Бажы кызматынын маалыматына караганда, маселе айрыкча “Торугарт” жана “Эркештам” өткөрмө пункттарынын иши тууралуу болду. Тараптар өткөрүү пункттарындагы жүктөмдүн жаңы чектик көрсөткүчтөрүн аныктоо жана кезекте турган транспорт каражаттарынын саны боюнча күн сайын маалымат алмашып турууну макулдашты.

Мындан сырткары кыргыз тарап “Торугарттын” өткөрүү жөндөмдүүлүгүн жогорулатуу боюнча жүргүзүлүп жаткан иштер тууралуу маалымат берип, Кытай тараптагы өткөрмө пунктту 24/7 режимине өткөрүүнү сунуштады. Ал эми Кытай тарап бул сунушту Кытайдын тиешелүү мамлекеттик органдарынын кароосуна киргизүүгө даяр экенин билдирди.  

Жолугушууда тараптар Кытай–Кыргызстан–Өзбекстан темир жолунун курулушуна байланыштуу бажылык тариздөө, трансчек аралык контрабандага каршы күрөшүү жана ыкчам маалымат алмашуу маселелерин да талкуулашты.

Жолугушуунун жыйынтыгында 2026-жылга карата чек ара бажы органдарынын жетекчилеринин жолугушуусунун протоколуна кол коюлду. Анда тараптар жетишкен макулдашуулар бекитилди.

 

Мындан тышкары окуңуз

Чек арадан ири мүйүздүү малды контрабандалык жол менен өткөрүүчү туруктуу канал аныкталды

Чек арадан ири мүйүздүү малды контрабандалык жол менен өткөрүүчү туруктуу канал аныкталды

УКМК Чек ара кызматы менен биргеликте Баткен облусунун аймагында КРнан Тажикстан Республикасына мамлекеттик чек ара аркылуу ири мүйүздүү малды контрабандалык жол менен өткөрүүнүн туруктуу каналын аныктап, ага бөгөт койду. Соттун санкциясы менен жүргүзүлгөн атайын тергөө иш-чараларынын жүрүшүндө КРнын жарандарынын тобу тарабынан өздөрүнүн кылмыштуу ишмердүүлүгүн жашыруу максатында, колдоо көрсөтүп туруу

Ишкер Media
Салык түшүүлөр 309 млрд сом болуп, план ашыгы менен аткарылды

Салык түшүүлөр 309 млрд сом болуп, план ашыгы менен аткарылды

Мамлекеттик салык кызматынын төрагасынын орун басары Кубанычбек Ысабеков Кыргызстандын салык системасы экономиканын өсүү темпине жетише албай жатат деген маалыматты четке какты. Бул тууралуу мекеменин басма сөз кызматы кабарлады. Анын айтымында, мындай билдирүүлөр чындыкка дал келбейт. Акыркы жылдары Салык кызматы салыктык башкарууну жакшыртып, көмүскө экономиканы кыскартуу боюнча иш алып барууда. 2025-

Ишкер Media
Бажыны санариптештирүү жана бизнес менен өнөктөштүк форуму болду

Бажыны санариптештирүү жана бизнес менен өнөктөштүк форуму болду

Бүгүн, “Ала-Арча” мамлекеттик резиденциясында “Заманбап бажы: санариптик трансформация, эл аралык кызматташтык жана бизнес менен өнөктөштүк” аттуу форум болуп өттү. Иш-чаранын уюштуруучусу, Мамлекеттик бажы кызматынын маалыматына караганда,  ага бажы кызматынын, "МБИ" ААКтын, "Бирдиктүү терезе" борборунун, "Салык Сервис", "Кызмат" ишканаларынын өкүлдөрү, Электрондук

Ишкер Media
Ошто жаңыланган чек ара комплекси пайдаланууга берилди

Ошто жаңыланган чек ара комплекси пайдаланууга берилди

Бүгүн Ош шаарында Мамлекеттик чек ара кызматынын Ош облусу боюнча башкармалыгынын жаңыланган комплекси ачылды. Бул тууралуу шаардык мэрия кабарлады. Маалыматка ылайык, салтанатка президент Садыр Жапаров катышты. Реконструкцияда штаб, казарма, ашкана, медпункт, спорт комплекси жана турак жайлар толук жаңыртылды. Иш-чарада онлайн форматта дагы 2 объект - Чүйдөгү "Ойронду" жана

Ишкер Media