Кыргызстан менен Корея инвестиция жаатындагы кызматташтыкты күчөтөт

Кыргызстан менен Корея  инвестиция жаатындагы кызматташтыкты күчөтөт

Экономика министри Бакыт Сыдыков Кореянын соода, өнөр жай жана ресурстар министри Ким Чон Кван менен жолугушту. Анда эки өлкөнүн соода-экономикалык жана инвестициялык кызматташтыгын өнүктүрүү маселелери талкууланды. Бул тууралуу министрликтен билдиришти.

Жолугушуунун алкагында Экономика министрлиги менен Кореянын Соода, өнөр жай жана ресурстар министрлигинин ортосунда соода жана инвестициялар боюнча өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандумга кол коюлду.

Документке ылайык, соода жана инвестициялар боюнча кызматташтык комитети түзүлүп, аны эки министрликтин министрлеринин орун басарлары жетектейт. Комитет өлкөлөр ортосундагы экономикалык байланыштарды бекемдөөгө жана биргелешкен долбоорлорду илгерилетүүгө багытталат.

Меморандумда инвестицияларды илгерилетүү, соода жол-жоболорун жөнөкөйлөтүү, санариптик трансформация, халал индустриясы, критикалык минералдар, текстиль жана химия өнөр жайы, ошондой эле техникалык жөнгө салуу жана интеллектуалдык менчик жаатындагы кызматташтык каралган.

Тараптар меморандумдун алкагындагы иштер эки өлкөнүн соода-экономикалык жана инвестициялык байланыштарын мындан ары кеңейтүүгө өбөлгө болорун белгилешти.

Мындан тышкары окуңуз

Кыргызстан Сейшел аралдары менен визасыз режим киргизүүнү карап жатат

Кыргызстан Сейшел аралдары менен визасыз режим киргизүүнү карап жатат

Бүгүн Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитети Сейшель Аралдары жана Тоголез республикалары менен түзүлгөн эл аралык келишимдерди ратификациялоо боюнча үч мыйзам долбоорун биринчи окууда карап, колдоого алышты. ЖКтин маалыматына караганда, Кыргызстан менен Сейшель Аралдарынын ортосунда кыска мөөнөттүү жүрүү үчүн визалык режимди жоюу жөнүндө макулдашуу 2026-

Ишкер Media
Кыргыз мамлекеттик циркине Казакстандын жараны директор болуп дайындалды

Кыргыз мамлекеттик циркине Казакстандын жараны директор болуп дайындалды

А. Изибаев атындагы Кыргыз мамлекеттик циркинин директору болуп Казакстандын жараны Нурлан Конокбаев дайындалды. Бул тууралуу бүгүн президент Садыр Жапаров жаңы жетекчини кабыл алган учурда белгилүү болду. Президенттин басма сөз кызматынын маалыматына ылайык, циркке сырттан жетекчи дайындоого мекемедеги узакка созулган ички пикир келишпестиктер себеп болгон. Мамлекет башчысы 2023-жылы Мамлекеттик циркке

Ишкер Media
"Нарын" бажысы 1 млн сомдон ашык мыйзамсыз жүгүртүүнү аныктады

"Нарын" бажысы 1 млн сомдон ашык мыйзамсыз жүгүртүүнү аныктады

"Нарын" бажысынын кызматкерлери чийки затты мыйзамсыз жүгүртүүгө чыгаруу фактысын аныктады. Бул тууралуу Мамлекеттик бажы кызматы билдирди. Маалыматка караганда, "Нарын" эркин экономикалык зонасындагы "К.-К.-Ө." ЖЧКсы текшерилген. Ишкана мурда 560 миң кг чийки затты "Эркин бажы зонасы" жол-жобосуна жайгаштырган. Текшерүүдө 141

Ишкер Media
Эми акча алмаштырууда сөзсүз өздүгүн тастыктаган документ талап кылынат

Эми акча алмаштырууда сөзсүз өздүгүн тастыктаган документ талап кылынат

Кыргызстанда акча алмаштыруучу жайларда кардарлар алмаштырган акчасынын суммасына карабастан өздүгүн тастыктаган документ көрсөтүүгө тийиш. Тиешелүү өзгөртүүлөр Улуттук банк Башкармасынын 2026-жылдын 1-октябрында кабыл алынган токтомунда каралган. Жаңы талапка ылайык, акча алмаштыруу операциясын жүргүзүүдө кардардын же анын ишенимдүү адамынын өздүгү милдеттүү түрдө аныкталат. Токтомго ылайык, кардар өздүгүн тастыктоо үчүн паспортун,

Ишкер Media