Кыргызстанда 213 979 адам пенсиялык топтоо каражаттарын алышты

Кыргызстанда 213 979 адам пенсиялык топтоо каражаттарын алышты

Кыргыз Республикасынын жарандарынын жашоо сапатын жакшыртуу жана социалдык бакубаттуулугун камсыз кылуу максатында пенсиялык топтоо каражаттарын пайдалануунун жол жобосуна ылайык,  2026-жылдын 1-сентябрына карата каржылоонун статистикасы Социалдык фонд  жарыялады.

Билдирүүгө карата, 2026-жылдын 1-сентябрына карата топтомо каражаттарын республика боюнча жалпы- 246 866 адам (7 208,5 млн. сом суммасында) алышкан. Анын ичинде:

-        Пенсия курагына жеткен жарандарга төлөө –213 979 адам (3 568,0
млн. сом);
-        Чет өлкөдө туруктуу жашоо үчүн өлкөдөн чыгып кеткен –
4 713 адам (272,1 млн. сом);
-        Каза болгон адамдардын мураскорлоруна –13 241 адам (433,7 млн. сом);
-        Аскер кызматчыларына төлөө – 1051 адам (13,7 млн.сом);
-        Ипотекалык кредит алып жаткандарга – 397 адам (92,1 млн.сом);
-        Ипотекалык кредит алгандарга – 10 348 адам (2 320,1 млн.сом);
-        Турак жайды ижарага алуу боюнча төлөмдөрдү төлөгөндөргө (“МИК” ААК каржылап) – 887 адам (141,9 млн. сом);
-        Банк кепилдигин берүү менен үлүштүк турак жай курулушуна катышкан же курулган объекттерде курулуш субъекттеринен бөлүп төлөө келишими боюнча төлөмдөрдү төлөгөн адамдарга – 587 адам (176,1 млн. сом);
-        МИК, Бишкек жана Ош шаарларынын мэриясы тарабынан Мамлекеттик турак жай программасынын алкагында – 73 адам (12,5 млн. сом);
-        Расмий түрдө жумушсуз деп таанылгандар – 544 адам (8,3 млн.сом.);
-        Оор оорулары бар адамдарга төлөө – 1046 адам (170,0 млн. сом).

 Эске салсак, төмөнкүдөй учурларда пенсиялык топтоо каражаттарын пайдалануу мүмкүнчүлүк берилет:

  1. Пенсия курагына жеткен жарандарга: Жеке камсыздандыруу эсебинин топтоо бөлүгүндө эсепке алынган пенсиялык топтоолору бар болсо;
  2. Чет өлкөдө туруктуу жашоо үчүн өлкөдөн тышка чыкканда;
  3. Мураскорлор: жаран тирүүсүндө камсыздандырылса, жеке камсыздандыруу эсебиндеги топтолгон каражатты маркумдун мураскорлору алууга укуктуу;
  4. Аскер кызматкерлерине: Аскер кызматкерлеринин жаш курагы жалпы белгиленген жашка жетип, МПТФнын эсебинде каражаты болгон учурда топтомо пенсиялык фонддон каражаттарды алуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болушат. Алар Соцфондго камсыздандыруу төгүмдөрүн аскердик кызмат өтөө мезгилинде чегеришпейт.
  5. Ипотекалык насыялоо: пенсиялык топтоолору бар адамдарга, алардын жубайларына беш жүз эсептик көрсөткүчтөн кем эмес жана ипотекалык кредиттин калдыгынын суммасынан ашпаган суммада:
    – коммерциялык банктар аркылуу ипотекалык кредит алып жаткан же алган;
    – коммерциялык банктар аркылуу мурабаха келишими боюнча бөлүп төлөө менен турак жай сатып алуу боюнча ислам принциптеринин алкагында ипотекалык каржылоо алып жаткан же алган;
    – КРнын Улуттук банкы, Бишкек жана Ош шаарларынын мэриялары аркылуу ипотекалык кредит алып жаткан же алган,
    – “Мамлекеттик ипотекалык компания” ачык акционердик коому (МИК) тарабынан ишке ашырылуучу мамлекеттик турак жай программасынын алкагында кийин сатып алуу менен турак жайды ижаралоо келишими боюнча төлөмдөрдү төлөгөн;
  6. Үлүштүк курулушка катышкандарга:
    -МИК, Бишкек жана Ош шаарларынын мэриялары тарабынан ишке ашырылып жаткан мамлекеттик турак жай программасынын алкагында үлүштүк курулушка катышкан адамдарга, алардын жубайларына, үлүштүк турак жай курулушуна катышкан же курулган объекттерде курулуш субъекттеринен бөлүп төлөө келишими боюнча төлөмдөрдү төлөгөн адамдарга, алардын жубайларына беш жүз эсептик көрсөткүчтөн кем эмес жана ушул төлөмдүн калдыгынын суммасынан ашпаган суммада;
  7. Оор ооруларды дарылоо:
    • оор оорулары бар адамдарга, ошондой эле алардын жубайларына, балдарына, ата-энелерине дарыланууну каржылоо үчүн пенсиялык топтомо каражаттарын мөөнөтүнөн мурда ала алышат.
  8. Жумушсуздук:
    • Расмий түрдө жумушсуз деп таанылган адамдар эмгекке жарамдуу курактагы калктын жашоо минимумунун өлчөмүн эске алып пенсиялык топтоо каражаттарын ала алышат.

Социалдык фонд - ар кандай шартта жана кырдаалдарда жарандарга колдоо көрсөтүү менен пенсиялык топтоо каражаттарын ар тараптуу пайдаланууга аракет кыла тургандыгын билдирди.

Мындан тышкары окуңуз

Садыр Жапаров Бакудагы саммитте чет элдик инвесторлорду “Тамчы” АФИАга чакырды

Садыр Жапаров Бакудагы саммитте чет элдик инвесторлорду “Тамчы” АФИАга чакырды

Президент Садыр Жапаров 15-октябрда Бакуда өткөн Азиядагы өз ара байланыштарды чыңдоо, санариптештирүү жана туруктуу экономикалык өсүшкө арналды кеңешменин (АӨИЧК) жетинчи саммитине катышып, Кыргызстандагы инвестициялык мүмкүнчүлүктөр тууралуу айтып берди. Бул тууралуу Президенттин басма сөз кызматынан кабарлашты. Мамлекет башчысы өз сөзүндө акыркы төрт жылда Кыргызстандын АӨИЧКке катышкан өлкөлөр менен товар жүгүртүүсү

Ишкер Media
Акча алмашуудагы мыйзам бузуулар үчүн 3 алмашуу бюросуна айып пул салынды

Акча алмашуудагы мыйзам бузуулар үчүн 3 алмашуу бюросуна айып пул салынды

Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын жана Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларынын талаптарын бузууга жол бергендиги үчүн айрым алмашуу бюролоруна карата чара көрүлдү. Бул тууралуу Улуттук банктын басма сөз кызматынан кабарлашты. Билдирүүгө караганда, Бишкек шаарындагы 3 акча алмыштуруу мыйзам талаптарын бузушкан. Ушуга байланыштуу үч алмашуу бюросунун ар бирине 55 000 сом өлчөмүндө айып

Ишкер Media
2026-жылы 10597 үй-бүлө менен социалдык контракт түзүлдү

2026-жылы 10597 үй-бүлө менен социалдык контракт түзүлдү

2026-жылы Кыргызстанда “Социалдык контракт» программасынын алкагында 10597 аз камсыз болгон жана жакыр үй-бүлө менен келишим түзүлдү. Жыл аягына чейин дагы 2 737 үй-бүлөнү программага тартуу пландаштырылууда. Эмгек, социалдык камсыздоо министрлигинин маалыматына ылайык, быйыл жалпысынан 13 334 үй-бүлө менен социалдык контракт түзүү каралган. Учурда программага катышуу үчүн

Ишкер Media
Чүйдө уруксатсыз курулуп жаткан май куюучу жайга айып салынды

Чүйдө уруксатсыз курулуп жаткан май куюучу жайга айып салынды

Мамлекеттик архитектура-курулуш контролдоо департаментинин Чүй региондук башкармалыгы Кемин районундагы курулушка пландан тышкаркы текшерүү жүргүздү. Бул тууралуу Курулуш министрлигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, текшерүү учурунда Кызыл-Октябрь айыл өкмөтүнө караштуу 225-контурда салынып жаткан көп функционалдуу май куюучу жайдын долбоордук жана уруксат берүүчү документтери жок экени аныкталган. Аныкталган мыйзам бузуу боюнча

Ишкер Media