Кыргызстандагы жана ЕАЭБ өлкөлөрүндөгү азык-түлүк баалары салыштырылууда
Монополияга каршы жөнгө салуу кызматы негизги азык-түлүк товарларынын орточо чекене бааларын ЕАЭБге мүчө мамлекеттердеги баалар менен салыштырып, туруктуу талдоо жүргүзүүдө.
Салыштырма маалыматтарга ылайык, Кыргызстанда ун, кумшекер, картошка, тоок жумурткасы, уй жана кой эти сыяктуу бир катар негизги азык-түлүктөрдүн баалары ЕАЭБ өлкөлөрүнүн көпчүлүгүнө салыштырмалуу төмөн болууда.
Билдирүүгө караганда, мындай талдоо ички рыноктогу баалардын динамикасын көзөмөлдөөгө жана негизсиз баалардын өсүшүнө жол бербөө боюнча тиешелүү чараларды көрүүгө мүмкүндүк берет.