Зергерчилик чөйрөсүндө атайын эсепке коюу электрондук форматка өткөрүлдү

Зергерчилик чөйрөсүндө атайын эсепке коюу электрондук форматка өткөрүлдү

Мамлекеттик салык кызматы баалуу металлдар, баалуу таштар жана зергер буюмдары менен иш жүргүзгөн жактарды атайын эсепке коюу жол-жобосун электрондук форматка өткөрдү. Бул тууралуу салык кызматынан кабарлашты.

Билдирүүгө караганда, эми арызды жана зарыл болгон маалыматтарды салык төлөөчүнүн кабинети аркылуу салык органына барбастан, электрондук түрдө тапшырууга болот. Кызматты колдонуучулар арыздын статусун көзөмөлдөп, мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн жыйынтыгын электрондук түрдө ала алышат.

Арыз каралып бүткөндөн кийин атайын эсепке коюу жөнүндө күбөлүк жана атайын эсепке коюу картасы түзүлөт.

Бул жаңылануу кагаз түрүндөгү документ жүгүртүүнү азайтып, колдонуучулардын убактысын үнөмдөөгө, ошондой эле мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү алуу процессин ыңгайлуу жана ачык-айкын кылууга шарт түзөт.

Атайын эсепке коюу жол-жобосун санариптештирүү Салык кызматынын баалуу металлдар, баалуу таштар жана зергер буюмдары жаатындагы ишмердүүлүктү мамлекеттик жөнгө салууну модернизациялоо жана автоматташтыруу боюнча жүргүзүп жаткан иштеринин бир бөлүгү болуп саналат.

Мындан тышкары окуңуз

Кумар оюндары жана лотерея ишмердүүлүгү сферасын жөнгө салуу мыйзам долбоору кабыл алынды

Кумар оюндары жана лотерея ишмердүүлүгү сферасын жөнгө салуу мыйзам долбоору кабыл алынды

7-октябрда Жогорку Кенеште депутаттар "Кыргыз Республикасынын оюн-зоок жана лотереялык ишмердүүлүгү чөйрөсүндөгү айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" мыйзамдын долбоорун биринчи окууда карады жана кабыл алыды. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин басма сөз кызаты жазып чыкты. Мыйзам долбоору туурадуу маалыматты Экономика жана коммерция министринин орун басары Беназир Нурланова

Ишкер Media
Бишкекте кыргыз-британ консультациялары өттү

Бишкекте кыргыз-британ консультациялары өттү

7-октябрда Бишкекте БУУнун Коопсуздук Кеңешинин күн тартиби боюнча кыргыз-британ консультациялары өттү. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлиги билдирди. Маалыматка ылайык, жолугушуу тышкы саясий ведомстволордун департамент жетекчилери деңгээлинде өтүп, тараптар эл аралык күн тартибиндеги актуалдуу маселелерди жана Коопсуздук Кеңештин ишинин артыкчылыктуу багыттарын талкуулашты. Өзгөчө көңүл Кыргызстандын 2027-2028-жылдарга БУУнун

Ишкер Media
Канттын, жумуртканын жана сүт азыктарынын баалары талкууланды

Канттын, жумуртканын жана сүт азыктарынын баалары талкууланды

Калкты негизги азык-түлүк товарлары менен камсыз кылуу, соода түйүндөрүнүн ата мекендик өндүрүүчүлөр менен өз ара кызматташуусу, ошондой эле канттын, жумуртканын, сүт жана сүт азыктарынын бааларынын түзүлүшү тууралуу бүгүн талкууланды. Монополияга каршы жөнгө салуу кызматы соода түйүндөрүнүн өкүлдөрү менен жумушчу жолугушуу өткөрүп, ата мекендик продукциянын жеткиликтүүлүгүнө карата көңүл бурулду. Аталган

Ишкер Media
Энергетикалык суусундуктардын жашы жете электерге жеткиликтүү экендигин изилдөөчү депутаттык топ түзүлдү

Энергетикалык суусундуктардын жашы жете электерге жеткиликтүү экендигин изилдөөчү депутаттык топ түзүлдү

7-октябрда Жогорку Кеңештин жыйынында депутаттар энергетикалык суусундуктарды жүгүртүүнү, алардын жашы жете электерге жана жаштарга жеткиликтүүлүгүн жана адамдын ден соолугуна терс таасир этүүсү мүмкүн болгон тамак-аштарды, алардын сапатын жана коопсуздугун, ошондой эле аталган сферада мамлекеттик жөнгө салуунун таасирдүүлүгүн комплекстүү изилдөөчү топ түзүлдү. Бул тууралуу ЖКнын басма сөз кызматы билдирди.

Ишкер Media