Бишкек жана Сеул шаар башчылары өз ара түшүнүшүү тууралуу меморандумга кол коюшту

Бишкек жана Сеул шаар башчылары өз ара түшүнүшүү тууралуу меморандумга кол коюшту

Бүгүн Сеул шаарында (Корея Республикасы) Бишкек шаарынын мэри Айбек Джунушалиев менен Сеул шаарынын мэри О Се Хундун жолугушуусу болуп өттү. Жолугушуу Садыр Жапаровдун Корея Республикасына болгон расмий иш сапарынын алкагында өттү.

Жолугушуунун жыйынтыгында Бишкек жана Сеул шаарларынын мэрлери эки борбор шаардын ортосунда боордош шаарлар мамилесин түзүү жөнүндө өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандумга кол коюшту.

Бишкек шаарынын мэриясынан билдиргендей, бул документ муниципалитеттер аралык түз кызматташтыкты өнүктүрүүгө жана биргелешкен демилгелерди ишке ашырууга негиз түзмөкчү.

Меморандумдун алкагында тараптар соода-экономикалык байланыштарды, илим, маданият, билим берүү жана шаардык башкаруу тармактарындагы кызматташтыкты өнүктүрүүгө, тиешелүү түзүмдөрдүн ортосундагы байланыштарды бекемдөөгө, ошондой эле делегациялар менен тажрыйба алмашууга көмөктөшүүгө ниеттенишет.

Тараптар достук байланыштарды мындан ары да бекемдөөгө жана Бишкек менен Сеулдун ортосундагы практикалык жана өз ара пайдалуу кызматташтыкты өнүктүрүүгө кызыкдар экенин билдиришти.

Күндүн негизги жаңылыктары — Telegram каналыбызда Каналга катталуу

Мындан тышкары окуңуз

Экономика

Акыркы жаңылыктар

Баары

Кызыл-Кыяда 5 400 орундуу стадион реконструкцияланууда

Күч түзүмдөрүнүн кызматкерлерине дагы 1 786 батир берилет

Бишкекте мыйзамсыз такси кызматтарына каршы рейд өттү

2050-жылга карата Борбор Азиянын мөңгүлөрү 60–80 пайызга чейин кыскарышы мүмкүн

Нарында сел коркунучун алдын алууга 11 млн сом жумшалды