Кыргызстанда экономикалык өсүш 11% түздү

Кыргызстанда экономикалык өсүш 11% түздү

2026-жылдын январь-август айларында Кыргызстандын ички дүң продукциясы 1 396,8 млрд сомду түзүп, былтыркы жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу реалдуу өсүш 11% болду. Бул тууралуу Экономика министрлиги билдирди.

Маалыматка караганда, экономиканын бардык тармактарында оң динамика катталды. Негизги өсүш курулушта - 61%, өнөр жайда - 8,8%, айыл чарбасында - 6,4% жана кызмат көрсөтүү тармагында - 6,5% болду.

Курулуш тармагында негизги капиталга салынган инвестициялардын көлөмү 281,8 млрд сомго жетип, 62,1% өстү. Ал эми курулуштун дүң продукциясы 300,5 млрд сомду түздү.

Өнөр жай ишканалары 8 айда 600,8 млрд сомдук продукция өндүрдү. Айрым тармактарда, анын ичинде химиялык продукция, тазаланган мунай, транспорт каражаттары жана курулуш материалдарын өндүрүүдө олуттуу өсүш катталган.

Айыл чарбасында дүң продукциянын көлөмү 298,3 млрд сомду түзүп, 6,4% көбөйдү. Өсүмдүк өстүрүү 10%, мал чарбачылыгы 4% өскөн.

Кызмат көрсөтүү тармагынын көлөмү 1 076,5 млрд сомго жетип, 6,5% өстү. Соода жана автоунааларды оңдоо кызматтары 349,4 млрд сомду түзүп, 8,4% көбөйдү.

Ошол эле учурда инфляциялык басым сакталууда. Январь-августта керектөө баалары 7,6%, ал эми орточо жылдык инфляция 10,9% өстү. Азык-түлүк баалары 6,4%, азык-түлүк эмес товарлар 6,1%, акы төлөнүүчү кызматтар 11,4% кымбаттаган.

Эмгек акы да өскөн. Январь-июль айларында орточо айлык номиналдык эмгек акы 54 864 сомду түзүп, 28,5% көбөйгөн. Реалдуу эмгек акынын өсүшү 15,9% болду.

Тышкы соода жүгүртүү январь-июль айларында 10 млрд долларды түзүп, 7,7% өстү. Анын ичинен экспорт 1,7 млрд доллар, импорт 8,3 млрд доллар болду.

Мындан тышкары окуңуз

"Нарын" бажысы 1 млн сомдон ашык мыйзамсыз жүгүртүүнү аныктады

"Нарын" бажысы 1 млн сомдон ашык мыйзамсыз жүгүртүүнү аныктады

"Нарын" бажысынын кызматкерлери чийки затты мыйзамсыз жүгүртүүгө чыгаруу фактысын аныктады. Бул тууралуу Мамлекеттик бажы кызматы билдирди. Маалыматка караганда, "Нарын" эркин экономикалык зонасындагы "К.-К.-Ө." ЖЧКсы текшерилген. Ишкана мурда 560 миң кг чийки затты "Эркин бажы зонасы" жол-жобосуна жайгаштырган. Текшерүүдө 141

Ишкер Media
Эми акча алмаштырууда сөзсүз өздүгүн тастыктаган документ талап кылынат

Эми акча алмаштырууда сөзсүз өздүгүн тастыктаган документ талап кылынат

Кыргызстанда акча алмаштыруучу жайларда кардарлар алмаштырган акчасынын суммасына карабастан өздүгүн тастыктаган документ көрсөтүүгө тийиш. Тиешелүү өзгөртүүлөр Улуттук банк Башкармасынын 2026-жылдын 1-октябрында кабыл алынган токтомунда каралган. Жаңы талапка ылайык, акча алмаштыруу операциясын жүргүзүүдө кардардын же анын ишенимдүү адамынын өздүгү милдеттүү түрдө аныкталат. Токтомго ылайык, кардар өздүгүн тастыктоо үчүн паспортун,

Ишкер Media
Касымалиев Дүйнөлүк бажы уюмунун башчысы менен жолукту

Касымалиев Дүйнөлүк бажы уюмунун башчысы менен жолукту

Бүгүн Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев Дүйнөлүк бажы уюмунун Башкы катчысы Ян Сондерс менен жолугушту. Бул тууралуу мекеменин басма сөз кызмат кабарлады. Маалым болгондой, тараптар бажылык жөнгө салуунун эл аралык стандарттарын киргизүү, процесстерди санариптештирүү, чек ара инфраструктурасын модернизациялоо жана кадрларды даярдоо маселелерин талкуулашты. Касымалиев Кыргызстан уюмга 2000-жылдын 10-февралынан

Ишкер Media
Кепилдик фонд аркылуу аймактагы ишкерлер 6,6 млрд сом кредит алышты

Кепилдик фонд аркылуу аймактагы ишкерлер 6,6 млрд сом кредит алышты

2026-жылдын январь–сентябрь айларында “Кепилдик фонд” ААКсы ишкерлерге жалпы суммасы 3,8 млрд сомду түзгөн 1 523 кепилдик берип, 12,8 млрд сом кредиттик каражат тартууга көмөктөштү. Бул тууралуу фонддун маалыматында айтылат. Билдирүүгө караганда, берилген кепилдиктердин 76%ы же 1 156сы Кыргызстандын аймактарындагы ишкерлерге туура келген. Ал эми аймактарга

Ишкер Media