Кыргызстандын кредиттик рейтинги Moody’s менен талкууланды

Кыргызстандын кредиттик рейтинги Moody’s менен талкууланды

Министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Данияр Амангелдиев Moody’s эл аралык рейтинг агенттигинин аналитиктери Анушка Шах жана Марк-Антуан Гэли менен жолукту. Бул тууралуу министрлер кабинети билдирди.

Жолугушууда Кыргызстандын макроэкономикалык абалы, жүргүзүлүп жаткан реформалардын жыйынтыктары, мамлекеттик каржы, мамлекеттик карыздын туруктуулугу жана экономиканы өнүктүрүүнүн келечеги талкууланды.

Данияр Амангелдиевдин айтымында, акыркы төрт жылда экономикалык өсүштүн орточо жылдык темпи 10,2%ды түзгөн. Жан башына эсептелген ИДП 2020-жылдагы 1230 доллардан 2025-жылы 3080 долларга чейин өскөн. 2025-жылдын аягында өлкөнүн эл аралык резервдери биринчи жолу 10 миллиард доллардан ашып, 2026-жылдын алгачкы сегиз айында реалдуу ИДПнын өсүшү 11%ды түзгөн.

Ошондой эле фискалдык базаны чыңдоо, мамлекеттик карызды башкаруу жана каржылоо булактарын кеңейтүү маселелерине көңүл бурулду. Данияр Амангелдиев өлкөдө жетишилген экономикалык натыйжалардын эл аралык кредиттик рейтингдерде объективдүү чагылдырылышы маанилүү экенин белгиледи.

Moody’s аналитиктери сапарынын алкагында мамлекеттик органдардын жана мекемелердин өкүлдөрү менен да жолугуп, экономиканын айрым тармактарынын абалы жана келечеги тууралуу маалымат алышат.

Күндүн негизги жаңылыктары — Telegram каналыбызда Каналга катталуу

Мындан тышкары окуңуз

Экономика

Акыркы жаңылыктар

Баары

Кызыл-Кыяда 5 400 орундуу стадион реконструкцияланууда

Күч түзүмдөрүнүн кызматкерлерине дагы 1 786 батир берилет

Бишкекте мыйзамсыз такси кызматтарына каршы рейд өттү

2050-жылга карата Борбор Азиянын мөңгүлөрү 60–80 пайызга чейин кыскарышы мүмкүн

Нарында сел коркунучун алдын алууга 11 млн сом жумшалды