Ири инвестициялык долбоорлор үчүн жерди 50 жылга чейин берүү сунушталууда

Ири инвестициялык долбоорлор үчүн жерди 50 жылга чейин берүү сунушталууда

Жогорку Кеңештин тармактык комитетинде ири инвестициялык долбоорлорду ишке ашыруу үчүн мамлекеттик жана муниципалдык жерлерди берүү тартибин өзгөртүүгө багытталган мыйзам долбоору биринчи окууда каралды. Мыйзам долбоорун бүгүн Жогорку Кеңештин Агрардык саясат, суу ресурстары, жер казынасын пайдалануу, экология жана айлана-чөйрөнү коргоо боюнча комитети талкуулады.

Экономика жана коммерция министринин орун басары Беназир Нурланованын маалыматына караганда, өзгөртүүлөр инвестициялык долбоорлор үчүн жер участокторун берүүнүн укуктук механизмдерин өркүндөтүүгө жана инвесторлордун инвестициялык милдеттенмелерин аткаруусун камсыз кылууга багытталган.
Сунушка ылайык, инвестициялык долбоор үчүн жер алгач 10 жылга чейинки мөөнөткө берилет. Кийин мөөнөт 25 жылга чейин узартылышы мүмкүн. Эгер инвестор инвестициялык келишимдеги милдеттенмелерин талаптагыдай аткарса жана жерди андан ары пайдалануу зарылдыгы болсо, жерди пайдалануунун жалпы мөөнөтү 50 жылга чейин жетиши мүмкүн.

Министрдин орун басары инвестордун жер боюнча милдеттенмелери жана аны кайтарып алуу жол-жоболору инвестициялык келишимде так белгиленерин билдирип, мыйзам долбоору коомдук талкууга атайын портал аркылуу чыгарылганын, бирок сунуштар түшпөгөнүн айтты.

Комитет төрагасы Кубанычбек Самаков мыйзам долбоору коомчулукта кызуу талкуу жаратып жатканын белгилеп, анын ири инвестицияларды тартууга мүмкүнчүлүк түзөрүн, ошол эле учурда долбоордун жоболорун элге туура түшүндүрүү зарылдыгын айтты.

Жыйынтыгында комитет депутаттар тарабынан айтылган сунуштарды эске алуу шарты менен мыйзам долбоорунун концепциясын колдоду.

Мындан тышкары окуңуз

Мыйзамсыз курулуштардан 85,6 млн сом өндүрүлдү

Мыйзамсыз курулуштардан 85,6 млн сом өндүрүлдү

2026-жылдын 9 айында Бишкекте 8 427 мыйзамсыз объект демонтаждалып, 267 054 чарчы метр муниципалдык жер бошотулду. Бул тууралуу мэрия маалымдады. Жер пайдаланууну контролдоо башкармалыгынын маалыматына ылайык, анын ичинде 4 062 жеңил типтеги объект, 1 093 капиталдык курулуш жана тосмо, 3 272 жарнамалык конструкция алынган. Жол долбоорлорунун алкагында 842 объект,

Ишкер Media
Садыр Жапаров Бакудагы саммитте чет элдик инвесторлорду “Тамчы” АФИАга чакырды

Садыр Жапаров Бакудагы саммитте чет элдик инвесторлорду “Тамчы” АФИАга чакырды

Президент Садыр Жапаров 15-октябрда Бакуда өткөн Азиядагы өз ара байланыштарды чыңдоо, санариптештирүү жана туруктуу экономикалык өсүшкө арналды кеңешменин (АӨИЧК) жетинчи саммитине катышып, Кыргызстандагы инвестициялык мүмкүнчүлүктөр тууралуу айтып берди. Бул тууралуу Президенттин басма сөз кызматынан кабарлашты. Мамлекет башчысы өз сөзүндө акыркы төрт жылда Кыргызстандын АӨИЧКке катышкан өлкөлөр менен товар жүгүртүүсү

Ишкер Media
Акча алмашуудагы мыйзам бузуулар үчүн 3 алмашуу бюросуна айып пул салынды

Акча алмашуудагы мыйзам бузуулар үчүн 3 алмашуу бюросуна айып пул салынды

Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын жана Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларынын талаптарын бузууга жол бергендиги үчүн айрым алмашуу бюролоруна карата чара көрүлдү. Бул тууралуу Улуттук банктын басма сөз кызматынан кабарлашты. Билдирүүгө караганда, Бишкек шаарындагы 3 акча алмыштуруу мыйзам талаптарын бузушкан. Ушуга байланыштуу үч алмашуу бюросунун ар бирине 55 000 сом өлчөмүндө айып

Ишкер Media
2026-жылы 10597 үй-бүлө менен социалдык контракт түзүлдү

2026-жылы 10597 үй-бүлө менен социалдык контракт түзүлдү

2026-жылы Кыргызстанда “Социалдык контракт» программасынын алкагында 10597 аз камсыз болгон жана жакыр үй-бүлө менен келишим түзүлдү. Жыл аягына чейин дагы 2 737 үй-бүлөнү программага тартуу пландаштырылууда. Эмгек, социалдык камсыздоо министрлигинин маалыматына ылайык, быйыл жалпысынан 13 334 үй-бүлө менен социалдык контракт түзүү каралган. Учурда программага катышуу үчүн

Ишкер Media