Кыргыз Соода-өнөр жай палатасы Шанхайда өкүлчүлүгүн ачты

Кыргыз Соода-өнөр жай палатасы Шанхайда өкүлчүлүгүн ачты

Кыргыз Соода-өнөр жай палатасы Кытайдын Шанхай шаарында өзүнүн өкүлчүлүгүн ачты. Анын ачылыш аземине Соода-өнөр жай палатасынын президенти Темир Сариев катышты.

Палатанын маалыматына караганда, Шанхайдагы өкүлчүлүктүн ачылышы стратегиялык мааниге ээ. Шаар Кытайдын ири финансылык, технологиялык, өнөр жай жана логистикалык борборлорунун бири болуп саналат. Анда кытайлык жана эл аралык ири компаниялардын штаб-квартиралары жана өкүлчүлүктөрү жайгашкан.

Өкүлчүлүктүн ишинде - Кыргызстан менен Кытайдын ортосундагы сооданы кеңейтүү менен катар биргелешкен өндүрүштөрдү түзүүгө өзгөчө көңүл бурулат.

Буга чейин Соода-өнөр жай палатасынын президенти Темир Сариев Кыргызстанда 100 кыргыз-кытай биргелешкен ишканасын түзүү демилгесин сунуштаган. Шанхайдагы өкүлчүлүктүн ачылышы бул демилгени иш жүзүндө ишке ашырууга багытталган кадам катары каралууда.

"Биздин максатыбыз жөн гана Кытай менен сооданы көбөйтүү эмес. Биз Кытайдын технологиясын, инвестициясын жана өндүрүш тажрыйбасын Кыргызстанга алып келүүнү каалайбыз, ошондо биргелешкен ишканалар, жумуш орундары жана жогорку кошумча нарктагы продукциялар түзүлөт. “100 кыргыз-кытай ишканасын түзүү” демилгеси конкреттүү долбоорлор менен бекемделиши керек", — деди Темир Сариев.

Мындан тышкары окуңуз

Кыргыз мамлекеттик циркине Казакстандын жараны директор болуп дайындалды

Кыргыз мамлекеттик циркине Казакстандын жараны директор болуп дайындалды

А. Изибаев атындагы Кыргыз мамлекеттик циркинин директору болуп Казакстандын жараны Нурлан Конокбаев дайындалды. Бул тууралуу бүгүн президент Садыр Жапаров жаңы жетекчини кабыл алган учурда белгилүү болду. Президенттин басма сөз кызматынын маалыматына ылайык, циркке сырттан жетекчи дайындоого мекемедеги узакка созулган ички пикир келишпестиктер себеп болгон. Мамлекет башчысы 2023-жылы Мамлекеттик циркке

Ишкер Media
"Нарын" бажысы 1 млн сомдон ашык мыйзамсыз жүгүртүүнү аныктады

"Нарын" бажысы 1 млн сомдон ашык мыйзамсыз жүгүртүүнү аныктады

"Нарын" бажысынын кызматкерлери чийки затты мыйзамсыз жүгүртүүгө чыгаруу фактысын аныктады. Бул тууралуу Мамлекеттик бажы кызматы билдирди. Маалыматка караганда, "Нарын" эркин экономикалык зонасындагы "К.-К.-Ө." ЖЧКсы текшерилген. Ишкана мурда 560 миң кг чийки затты "Эркин бажы зонасы" жол-жобосуна жайгаштырган. Текшерүүдө 141

Ишкер Media
Эми акча алмаштырууда сөзсүз өздүгүн тастыктаган документ талап кылынат

Эми акча алмаштырууда сөзсүз өздүгүн тастыктаган документ талап кылынат

Кыргызстанда акча алмаштыруучу жайларда кардарлар алмаштырган акчасынын суммасына карабастан өздүгүн тастыктаган документ көрсөтүүгө тийиш. Тиешелүү өзгөртүүлөр Улуттук банк Башкармасынын 2026-жылдын 1-октябрында кабыл алынган токтомунда каралган. Жаңы талапка ылайык, акча алмаштыруу операциясын жүргүзүүдө кардардын же анын ишенимдүү адамынын өздүгү милдеттүү түрдө аныкталат. Токтомго ылайык, кардар өздүгүн тастыктоо үчүн паспортун,

Ишкер Media
Касымалиев Дүйнөлүк бажы уюмунун башчысы менен жолукту

Касымалиев Дүйнөлүк бажы уюмунун башчысы менен жолукту

Бүгүн Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев Дүйнөлүк бажы уюмунун Башкы катчысы Ян Сондерс менен жолугушту. Бул тууралуу мекеменин басма сөз кызмат кабарлады. Маалым болгондой, тараптар бажылык жөнгө салуунун эл аралык стандарттарын киргизүү, процесстерди санариптештирүү, чек ара инфраструктурасын модернизациялоо жана кадрларды даярдоо маселелерин талкуулашты. Касымалиев Кыргызстан уюмга 2000-жылдын 10-февралынан

Ишкер Media