Электромобилдерди мыйзамсыз РФна өткөрүп берүү аракетине бөгөт коюлду

Электромобилдерди мыйзамсыз РФна өткөрүп берүү аракетине бөгөт коюлду

Мамлекеттик бажы кызматынын Контрабандага каршы күрөшүү башкы башкармалыгы (КККББ) тарабынан КЭРден тарифтик жеңилдик колдонуу менен ташылып келинген беш электр кыймылдаткычы бар транспорт каражаттарын мыйзамсыз өткөрүп берүү фактылары аныкталды.

 Электромобилдерди ташып келүүдө жеңилдиктерден пайдаланган КРнын жарандары тиешелүү бажы төлөмдөрүн төлөбөстөн, аларды Россия Федерациясынын жарандарына өткөрүп беришкен. Бул тууралуу Мамлекеттик бажы кызматынан (МБК) кабарлашты.
ЕАЭБдин бажы мыйзамдарынын талаптарына ылайык, электр кыймылдаткычы бар транспорт каражаттарына карата ээлик кылуу, пайдалануу жана тескөө укуктарын - РФнын жарандыгы бар же РФда туруктуу жашаган адамдарга өткөрүп берүүгө жол берилбейт.

Аныкталган беш факты боюнча КРнын бюджетине келтирилген материалдык зыяндын суммасы туумдарды эске алуу менен 3 982 274 сомду түздү. Топтолгон материалдар укуктук баа берүү үчүн МБКнын Тергөө башкармалыгына өткөрүлүп берилди.

Учурда КККББ ЕАЭБдин бажы мыйзамдарын жана КРнын мыйзамдарын бузуунун ушул сыяктуу фактыларын аныктоо боюнча текшерүү иш-чараларын улантууда. МБК жарандарды тарифтик жеңилдиктерди берүүнүн белгиленген шарттарын сактоо зарылдыгын эскертет. Мыйзамда белгиленген талаптарды бузуу менен электромобилдерди өткөрүп берүү бажы төлөмдөрүн эсептөөгө жана мыйзамда каралган башка жоопкерчилик чараларына алып келиши мүмкүн.

Мындан тышкары окуңуз

Кумар оюндары жана лотерея ишмердүүлүгү сферасын жөнгө салуу мыйзам долбоору кабыл алынды

Кумар оюндары жана лотерея ишмердүүлүгү сферасын жөнгө салуу мыйзам долбоору кабыл алынды

7-октябрда Жогорку Кенеште депутаттар "Кыргыз Республикасынын оюн-зоок жана лотереялык ишмердүүлүгү чөйрөсүндөгү айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" мыйзамдын долбоорун биринчи окууда карады жана кабыл алыды. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин басма сөз кызаты жазып чыкты. Мыйзам долбоору туурадуу маалыматты Экономика жана коммерция министринин орун басары Беназир Нурланова

Ишкер Media
Бишкекте кыргыз-британ консультациялары өттү

Бишкекте кыргыз-британ консультациялары өттү

7-октябрда Бишкекте БУУнун Коопсуздук Кеңешинин күн тартиби боюнча кыргыз-британ консультациялары өттү. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлиги билдирди. Маалыматка ылайык, жолугушуу тышкы саясий ведомстволордун департамент жетекчилери деңгээлинде өтүп, тараптар эл аралык күн тартибиндеги актуалдуу маселелерди жана Коопсуздук Кеңештин ишинин артыкчылыктуу багыттарын талкуулашты. Өзгөчө көңүл Кыргызстандын 2027-2028-жылдарга БУУнун

Ишкер Media
Канттын, жумуртканын жана сүт азыктарынын баалары талкууланды

Канттын, жумуртканын жана сүт азыктарынын баалары талкууланды

Калкты негизги азык-түлүк товарлары менен камсыз кылуу, соода түйүндөрүнүн ата мекендик өндүрүүчүлөр менен өз ара кызматташуусу, ошондой эле канттын, жумуртканын, сүт жана сүт азыктарынын бааларынын түзүлүшү тууралуу бүгүн талкууланды. Монополияга каршы жөнгө салуу кызматы соода түйүндөрүнүн өкүлдөрү менен жумушчу жолугушуу өткөрүп, ата мекендик продукциянын жеткиликтүүлүгүнө карата көңүл бурулду. Аталган

Ишкер Media
Энергетикалык суусундуктардын жашы жете электерге жеткиликтүү экендигин изилдөөчү депутаттык топ түзүлдү

Энергетикалык суусундуктардын жашы жете электерге жеткиликтүү экендигин изилдөөчү депутаттык топ түзүлдү

7-октябрда Жогорку Кеңештин жыйынында депутаттар энергетикалык суусундуктарды жүгүртүүнү, алардын жашы жете электерге жана жаштарга жеткиликтүүлүгүн жана адамдын ден соолугуна терс таасир этүүсү мүмкүн болгон тамак-аштарды, алардын сапатын жана коопсуздугун, ошондой эле аталган сферада мамлекеттик жөнгө салуунун таасирдүүлүгүн комплекстүү изилдөөчү топ түзүлдү. Бул тууралуу ЖКнын басма сөз кызматы билдирди.

Ишкер Media