Кыргызстан менен Кореянын SEMAS компаниялары кызматташтыкты бекемдөөдө

Кыргызстан менен Кореянын SEMAS компаниялары кызматташтыкты бекемдөөдө

Сеул шаарында КРнын Президентине караштуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин башчысы Равшанбек Сабиров Sellergo Co., Ltd. компаниясынын Башкы директору Жунхван Хо жана HIGEN Healthcare компаниясынын Башкы директору Ли Ёнгдук менен жолугушту.

Жолугушуунун жүрүшүндө маалыматтык технологиялар, электрондук соода тармагындагы кызматташтыкты өнүктүрүүнүн багыттары, ошондой эле медициналык кызмат көрсөтүүлөрдү санариптештирүүгө инвестицияларды тартуу маселелери каралды.

“Кыргызстан санариптик экономиканы ырааттуу өнүктүрүп, заманбап технологияларды жана инвестицияларды тартууга кызыкдар. Кореялык компаниялар менен кызматташуу инновациялык чечимдерди киргизүү жана ар түрдүү тармактарда көрсөтүлүүчү кызматтардын сапатын жогорулатуу үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачат” - Равшанбек Сабиров

Жолугушуунун жыйынтыгында кызматташуу боюнча эки Меморандумга кол коюлду: Sellergo Co., Ltd. компаниясы менен IT жана электрондук соода тармагында, ал эми HIGEN Healthcare компаниясы менен Кыргыз Республикасында медициналык кызмат көрсөтүүлөрдү санариптештирүүгө инвестицияларды тартуу боюнча Меморандум түзүлдү.

Кол коюлган документтер биргелешкен долбоорлорду мындан ары өнүктүрүүгө, санариптик чечимдерди киргизүүгө жана Кыргыз Республикасынын экономикасынын артыкчылыктуу багыттарына инвестицияларды тартууга негиз болот.

Мындан тышкары окуңуз

Чек арадан ири мүйүздүү малды контрабандалык жол менен өткөрүүчү туруктуу канал аныкталды

Чек арадан ири мүйүздүү малды контрабандалык жол менен өткөрүүчү туруктуу канал аныкталды

УКМК Чек ара кызматы менен биргеликте Баткен облусунун аймагында КРнан Тажикстан Республикасына мамлекеттик чек ара аркылуу ири мүйүздүү малды контрабандалык жол менен өткөрүүнүн туруктуу каналын аныктап, ага бөгөт койду. Соттун санкциясы менен жүргүзүлгөн атайын тергөө иш-чараларынын жүрүшүндө КРнын жарандарынын тобу тарабынан өздөрүнүн кылмыштуу ишмердүүлүгүн жашыруу максатында, колдоо көрсөтүп туруу

Ишкер Media
Салык түшүүлөр 309 млрд сом болуп, план ашыгы менен аткарылды

Салык түшүүлөр 309 млрд сом болуп, план ашыгы менен аткарылды

Мамлекеттик салык кызматынын төрагасынын орун басары Кубанычбек Ысабеков Кыргызстандын салык системасы экономиканын өсүү темпине жетише албай жатат деген маалыматты четке какты. Бул тууралуу мекеменин басма сөз кызматы кабарлады. Анын айтымында, мындай билдирүүлөр чындыкка дал келбейт. Акыркы жылдары Салык кызматы салыктык башкарууну жакшыртып, көмүскө экономиканы кыскартуу боюнча иш алып барууда. 2025-

Ишкер Media
Бажыны санариптештирүү жана бизнес менен өнөктөштүк форуму болду

Бажыны санариптештирүү жана бизнес менен өнөктөштүк форуму болду

Бүгүн, “Ала-Арча” мамлекеттик резиденциясында “Заманбап бажы: санариптик трансформация, эл аралык кызматташтык жана бизнес менен өнөктөштүк” аттуу форум болуп өттү. Иш-чаранын уюштуруучусу, Мамлекеттик бажы кызматынын маалыматына караганда,  ага бажы кызматынын, "МБИ" ААКтын, "Бирдиктүү терезе" борборунун, "Салык Сервис", "Кызмат" ишканаларынын өкүлдөрү, Электрондук

Ишкер Media
Ошто жаңыланган чек ара комплекси пайдаланууга берилди

Ошто жаңыланган чек ара комплекси пайдаланууга берилди

Бүгүн Ош шаарында Мамлекеттик чек ара кызматынын Ош облусу боюнча башкармалыгынын жаңыланган комплекси ачылды. Бул тууралуу шаардык мэрия кабарлады. Маалыматка ылайык, салтанатка президент Садыр Жапаров катышты. Реконструкцияда штаб, казарма, ашкана, медпункт, спорт комплекси жана турак жайлар толук жаңыртылды. Иш-чарада онлайн форматта дагы 2 объект - Чүйдөгү "Ойронду" жана

Ишкер Media