Кыргызстанда картошканын импортуна алты айга чектөө киргизүү сунушталууда

Кыргызстанда картошканын импортуна алты айга чектөө киргизүү сунушталууда

Кыргызстанда картошканын импортун 6 айга убактылуу чектөө сунушталууда. Тиешелүү токтомдун долбоорун Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги коомдук талкууга чыгарды. Сунушталган чара Кыргызстандын картошка өндүрүшүн жана ички рыногун өнүктүрүүгө, дыйкандарды колдоого жана өлкөнүн азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылууга багытталган.

Маалыматка ылайык, 2026-жылы Кыргызстанда 1 млн 249 миң 700 тоннага жакын картошка өндүрүлүшү күтүлүүдө. Ал эми калктын жылдык керектөөсү болжол менен 799 миң 700 тоннаны түзөт. Учурда өлкөнүн картошка менен өзүн-өзү камсыз кылуу деңгээли 181,9% деп бааланууда.

Ушуга байланыштуу жергиликтүү өндүрүлгөн картошканы ички рынокто сатууга шарт түзүү максатында анын импортуна 2027-жылдын 1-мартына чейин убактылуу чектөө киргизүү сунушталууда.

Долбоордо ЕАЭБ ТЭИ ТН 0701 90 500 0 коду менен классификацияланган картошканы Кыргызстандын аймагына импорттоого алты айлык мөөнөткө тыюу салуу каралган.

Билдирүүгө караганда, чектөө айрым учурларга жайылтылбайт. Атап айтканда, Кыргызстандын аймагы аркылуу транзит менен өткөрүлүүчү картошкага, ошондой эле токтом күчүнө киргенге чейин Кыргызстандын дарегине жөнөтүлгөн продукцияга тыюу салынбайт. Мындан тышкары, илимий-изилдөө, сыноо жана башка атайын иш-чараларды өткөрүү үчүн зарыл болгон көлөмдө алып келинген картошка да чектөөдөн тышкары болот.
Сунушталып жаткан чара жергиликтүү өндүрүүчүлөрдү колдоого, дыйкандар өндүргөн картошканы ички рынокто өткөрүүгө шарт түзүүгө, айыл чарба өндүрүшүнүн туруктуулугун камсыз кылууга жана азык-түлүк коопсуздугун бекемдөөгө багытталган.

Токтомдун долбоору 28-октябрга чейин коомдук талкууда болот.

Мындан тышкары окуңуз

Кыргызстан Сейшел аралдары менен визасыз режим киргизүүнү карап жатат

Кыргызстан Сейшел аралдары менен визасыз режим киргизүүнү карап жатат

Бүгүн Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитети Сейшель Аралдары жана Тоголез республикалары менен түзүлгөн эл аралык келишимдерди ратификациялоо боюнча үч мыйзам долбоорун биринчи окууда карап, колдоого алышты. ЖКтин маалыматына караганда, Кыргызстан менен Сейшель Аралдарынын ортосунда кыска мөөнөттүү жүрүү үчүн визалык режимди жоюу жөнүндө макулдашуу 2026-

Ишкер Media
Кыргыз мамлекеттик циркине Казакстандын жараны директор болуп дайындалды

Кыргыз мамлекеттик циркине Казакстандын жараны директор болуп дайындалды

А. Изибаев атындагы Кыргыз мамлекеттик циркинин директору болуп Казакстандын жараны Нурлан Конокбаев дайындалды. Бул тууралуу бүгүн президент Садыр Жапаров жаңы жетекчини кабыл алган учурда белгилүү болду. Президенттин басма сөз кызматынын маалыматына ылайык, циркке сырттан жетекчи дайындоого мекемедеги узакка созулган ички пикир келишпестиктер себеп болгон. Мамлекет башчысы 2023-жылы Мамлекеттик циркке

Ишкер Media
"Нарын" бажысы 1 млн сомдон ашык мыйзамсыз жүгүртүүнү аныктады

"Нарын" бажысы 1 млн сомдон ашык мыйзамсыз жүгүртүүнү аныктады

"Нарын" бажысынын кызматкерлери чийки затты мыйзамсыз жүгүртүүгө чыгаруу фактысын аныктады. Бул тууралуу Мамлекеттик бажы кызматы билдирди. Маалыматка караганда, "Нарын" эркин экономикалык зонасындагы "К.-К.-Ө." ЖЧКсы текшерилген. Ишкана мурда 560 миң кг чийки затты "Эркин бажы зонасы" жол-жобосуна жайгаштырган. Текшерүүдө 141

Ишкер Media
Эми акча алмаштырууда сөзсүз өздүгүн тастыктаган документ талап кылынат

Эми акча алмаштырууда сөзсүз өздүгүн тастыктаган документ талап кылынат

Кыргызстанда акча алмаштыруучу жайларда кардарлар алмаштырган акчасынын суммасына карабастан өздүгүн тастыктаган документ көрсөтүүгө тийиш. Тиешелүү өзгөртүүлөр Улуттук банк Башкармасынын 2026-жылдын 1-октябрында кабыл алынган токтомунда каралган. Жаңы талапка ылайык, акча алмаштыруу операциясын жүргүзүүдө кардардын же анын ишенимдүү адамынын өздүгү милдеттүү түрдө аныкталат. Токтомго ылайык, кардар өздүгүн тастыктоо үчүн паспортун,

Ишкер Media