“Ала-Тоо” базары атайын салык режимине киргизилиши мүмкүн
“Ала-Тоо” соода-базар комплексин өзгөчө режимдеги соода зонасындагы ишке салык колдонулуучу базарлардын реестрине киргизүү сунушталууда. Бул тууралуу Министрлер Кабинетинин токтом долбоору коомдук талкууга коюлду.
Документ Мамлекеттик салык кызматына “Ордо Курулуш Компани” ЖЧКсы тарабынан 2026-жылдын 13-октябрында жөнөтүлгөн кайрылуунун негизинде иштелип чыккан.
Салык кодексинин 457-беренесине ылайык, өзгөчө режимдеги соода зонасындагы ишке салык атайын салык режими катары - Министрлер Кабинети аныктаган соода базарларынын аймагында иш жүргүзгөн салык төлөөчүлөргө карата колдонулат.
Демек, долбоор кабыл алынса, “Ала-Тоо” комплексинин (Мурдагы Мадина базары) аймагында иштеген ишкерлер да аталган атайын салык режимин колдонуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болушат.
Токтом долбоорун кабыл алуу республикалык бюджеттен кошумча чыгымдарды талап кылбайт. Документ коомдук талкууга чыгарылууда.