Грузияга барууда визалык талаптарды жеңилдетүү демилгеси көтөрүлдү
Бүгүн Жогорку Кеңештин төрагасы Марлен Маматалиев Кыргызстанга расмий сапар менен келген Грузиянын Парламентинин төрагасы Шалва Папуашвили менен жолугушту. Бул тууралуу ЖКнын басма сөз кызматынан билдирди.
Тараптар эки өлкө ортосундагы саясий-экономикалык, маданий-гуманитардык жана парламенттер аралык кызматташтыкты өнүктүрүү маселелерин талкуулашты.

"Кыргызстан Грузия менен достукка жана өз ара ишенимге негизделген өнөктөштүктү өрчүтүүгө кызыкдар. Айрыкча транзит, логистика, инвестиция жана туризм тармактарын өнүктүрүү жаатында тажрыйба алмашып, мамлекеттик кызматтарды санариптештирүү багытында да биргелешип иш алып барууга даярбыз. Андыктан калыптанган алакаларды парламенттер аралык диалог аркылуу улантып, эки өлкөнүн кызматташтыгын жаңы деңгээлге чыгаруубуз кажет", – деди төрага.
Буга мисал катары тармактык комитеттердин жана депутаттык достук топторунун алкагында тыгыз иш алып баруу, ошондой эле эл аралык аянтчаларда да кызматташуу зарыл экенине токтолду.
Баарлашуу маалында Грузияга барууну каалаган кыргызстандыктардын саны көбөйүп жатканын эске алып, визалык талаптарды жеңилдетүү демилгеси да көтөрүлдү.

Өз кезегинде Шалва Папуашвили да Кыргызстанга жасаган бул тарыхый сапары эки тараптуу кызматташтыкты тереңдетүүгө өзгөчө салым кошот деген ишеничте экенин белгилеп, Төрага Марлен Маматалиевди да Грузияга расмий сапар менен келип кетүүгө чакырды.
Ошондой эле алакаларды арттыруу жаатындагы сунуш-пикирлерин айтып, байыркы Жибек жолун кайра калыбына келтирүүчү транспорттук коридорлор аркылуу логистика жана энергетика багытындагы инвестициялык долбоорлорду ишке ашыруу зарылчылыгына токтолду.
Муну менен бирге парламенттер аралык диалогду эки тараптуу жана эл аралык деңгээлде да өнүктүрүү керектигин кошумчалады.