Кыргызстандыктар 2027-жылды 7 күндүк эс алуу менен тосуп алышат
Кыргызстанда 2027-жылдын январь айында жарандар катары менен 7 күн эс алышат. Эс алуу күндөрү 1-январдан 7-январга чейин созулат. Бул тууралуу Эмгек министрлиги маалымдады.
Билдирүүгө караганда, 2027-жылга карата өндүрүштүк календарь жана иш убактысынын ченеми бекитилди.
Ага ылайык, январь айындагы биринчи жумуш күнү 8-январга туура келет.
Ошондой эле буйрук менен сааттык тарифтик ставканы эсептөө үчүн жумуш убактысынын орточо айлык ченеми бекитилди. Тактап айтканда:
- 40 сааттык иш жумасында - 164,75 саат;
- 36 сааттык иш жумасында - 148,8 саат;
- 24 сааттык иш жумасында - 99,2 саат.
Күндүн негизги жаңылыктары — Telegram каналыбызда
Каналга катталуу