Бишкекте үй шартында мыйзамсыз алкоголь өндүргөн жай аныкталды

Бишкекте үй шартында мыйзамсыз алкоголь өндүргөн жай аныкталды

Мамлекеттик салык кызматы тарабынан жүргүзүлгөн рейддик иш-чаралардын алкагында борбор калаанын Ленин районунда үй шартында алкоголдук продукцияны мыйзамсыз даярдоо фактылары аныкталды. Бул тууралуу мекеменин маалымат кызматы кабарлады.

Маалыматка караганда, текшерүүнүн жүрүшүндө бөтөлкөлөргө куюлган 218 литр алкоголдук продукция жана 224 миң 557 даана жасалма акциздик марка тартып алынды.

Бул фактылар боюнча тиешелүү материалдар укуктук баа берүү үчүн укук коргоо органдарына өткөрүлүп берилет.

Белгилей кетсек, Кылмыш-жаза кодексине ылайык, спиртти жана алкоголдук продукцияны өзгөчө ири өлчөмдө мыйзамсыз өндүргөндүгү үчүн 50 миң сом айып пул же 5 жылга чейин эркинен ажыратуу жазасы каралган.

Мамлекеттик салык кызматы жарандарды жана ишкерлерди акциздик товарларды мыйзамсыз өндүрүүдөн, сактоодон жана сатуудан алыс болууга чакырды.

Күндүн негизги жаңылыктары — Telegram каналыбызда Каналга катталуу

Мындан тышкары окуңуз

Коом

Акыркы жаңылыктар

Баары

Инвестициялар боюнча улуттук агенттик CSCEC компаниясы менен кызматташууну талкуулады

Айтматов районунун бюджети 5 жылда 3 эседен ашык өстү

Министрлик халал сертификат кайсы мекеме тарабынан берилерин түшүндүрдү

Сузакта эки мектептин администрациясы айыпка жыгылды

Россияда электросамокат жана электр велосипеддерин колдонуу эрежелери катаалдашы мүмкүн