Таласта "Баарын" чакан ГЭСи жыл аягына чейин ишке киргизилет
Айтматов районунда кубаттуулугу 4,3 мегаватт болгон "Баарын" чакан ГЭСинин курулушу аяктоо алдында турат. Бул тууралуу өлкө башчысы Садыр Жапаров 3-ноябрда Талас облусунун тургундары менен жолугушууда маалымдады.
Мамлекет башчысынын айтымында, станцияны жыл аягына чейин ишке киргизүү пландалууда.
Мындан тышкары, Манас районундагы кубаттуулугу 25 мегаватт болгон "Бала-Саруу" чакан ГЭСи иштеп жатат. Орто-Токой ГЭСинин курулушу аяктап, Папан ГЭСинде иштер уланууда.
Президент чакан ГЭСтерди куруу энергетикалык кубаттуулукту арттырууга жана аймактарды электр энергиясы менен камсыздоого багытталганын белгиледи.
Күндүн негизги жаңылыктары — Telegram каналыбызда
Каналга катталуу