Нарында өнөр жай паркы түзүлөт

Нарында өнөр жай паркы түзүлөт

7-ноябрда Инвестициялар боюнча улуттук агенттик менен "СтарОушен Инвестмент" ЖЧКсы ортосунда Инвестициялык макулдашууга кол коюлду. Бул тууралуу агенттиктен маалымдашты.

Документке ылайык, "Нарын облусунда энергияны көп керектөөчү төмөн көмүртектүү өндүрүштөрдүн өнөр жай паркын куруу жана эксплуатациялоо" долбоору ишке ашырылат.

Түзүлгөн инвестициялык макулдашуунун алкагында "Нарын" эркин экономикалык аймагындагы 200 гектар аянтта кошумча наркы жогору продукцияларды өндүрүү, чек ара аралык энергетикалык инфраструктура, маалыматтарды иштеп чыгуу борборлору жана жасалма интеллект үчүн эсептөө кубаттуулуктары бар өнөр жай паркы түзүлөт.

Анын аймагында мамлекеттик муктаждыктарды камсыз кылууга багытталган өзүнчө маалыматтарды иштеп чыгуу борборун жайгаштыруу пландалууда.

Бул мамлекеттик маалыматтык ресурстарды жайгаштырууга, санариптик мамлекеттик кызматтарды өнүктүрүүгө, жасалма интеллектти, IT-паркты жана жогорку өндүрүмдүүлүктөгү эсептөөлөрдү киргизүүгө мүмкүнчүлүктөрдү ачат.

Улуттук агенттиктин жетекчиси Сабиров "СтарОушен Инвестмент" компаниясынын өкүлдөрү менен болгон жолугушууда жооптуу мамлекеттик органдар жана инвестор менен өз ара аракеттенүү аркылуу долбоорду координациялоону улантууга даяр экендигин белгиледи.

Кыргызстандын экономика, бизнес, финансы тармактары боюнча маалыматтарды, ийгиликтүү ишкерлер менен болгон кызыктуу маектерди Ишкер MEDIA сайтынын Telegram, Facebook, Instagram, Threads жана Х каналдарынан окуп, көрүп туруңуздар. 
Күндүн негизги жаңылыктары — Telegram каналыбызда Каналга катталуу

Мындан тышкары окуңуз

Экономика

Акыркы жаңылыктар

Баары

Бишкектеги паркка 85 түп эмен көчөтү отургузулду

Ысык-Атада 4 ири ишкананы пайдаланууга берүү пландалууда

Ошто 6 миң гектар жерге көчөт отургузулду

Кантта 5 жылда үч ири ишкана ачылган

Коопсуздук талаптарын сактабаган компанияга 200 миң сом айып пул салынды