Бишкектеги паркка 85 түп эмен көчөтү отургузулду

Бишкектеги паркка 85 түп эмен көчөтү отургузулду

7-ноябрда Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев Кыргызстан менен Түштүк Корея достук паркынын көрктөндүрүү иштеринин жүрүшү менен таанышты.

Мэриядан маалымдагандай, күзгү жашылдандыруу өнөктүгүнүн алкагында аталган аймакка 85 түп эмен көчөтү отургузулду.
Эске салсак, буга чейин бул жерде "Будда бар" жайгашкан. Кийинчерээк ал демонтаждалып, жаңы ээлери аймакты жашыл зона түзүү үчүн шаарга өткөрүп беришкен.

Шаар башчысы аталган аймакты талаптагыдай абалга келтирип, жашылдандыруу иштерин жүргүзүү тапшырмасын берген.

"Эң негизгиси — сугарууну камсыз кылгыла. Бир дагы дарак суусуз калбашы керек. Аймакты толугу менен тазалап, иретке келтирип, газонду да калыбына келтирүү зарыл", — деди Жунушалиев.

Белгилей кетсек, кечээ Бишкек шаарынын аймагында күзгү жашылдандыруу өнөктүгүнүн алкагында жалпы 600 түп бак-дарактын көчөтү отургузулду.

Кыргызстандын экономика, бизнес, финансы тармактары боюнча маалыматтарды, ийгиликтүү ишкерлер менен болгон кызыктуу маектерди Ишкер MEDIA сайтынын Telegram, Facebook, Instagram, Threads жана Х каналдарынан окуп, көрүп туруңуздар. 
Күндүн негизги жаңылыктары — Telegram каналыбызда Каналга катталуу

Мындан тышкары окуңуз

Коом

Акыркы жаңылыктар

Баары

Нарында өнөр жай паркы түзүлөт

Ысык-Атада 4 ири ишкананы пайдаланууга берүү пландалууда

Ошто 6 миң гектар жерге көчөт отургузулду

Кантта 5 жылда үч ири ишкана ачылган

Коопсуздук талаптарын сактабаган компанияга 200 миң сом айып пул салынды