Манила шаарында CARTIF макулдашуусу боюнча сүйлөшүүлөрдүн экинчи айлампасы өттү

Манила шаарында CARTIF макулдашуусу боюнча сүйлөшүүлөрдүн экинчи айлампасы өттү

6-ноябрда Филиппиндин Манила шаарындагы Азия өнүктүрүү банкынын (АӨБ) башкы кеңсесинде ЦАРЭСтин соода жана инвестиция жаатындагы өнөктөштүк жөнүндө макулдашуусу (CARTIF) боюнча сүйлөшүүлөрүнүн экинчи айлампасы өттү. Ага экономика жана коммерция министринин орун басары Султан Ахматов катышты.

Маалым болгондой, жолугушуу 2026-жылдагы Регионалдык кызматташтык жана интеграция боюнча конференциянын алкагында уюштурулду.
Жыйынга ЦАРЭСке мүчө өлкөлөрдүн CARTIF боюнча башкы сүйлөшүүчүлөрү жана координаторлору, ошондой эле эл аралык эксперттер катышты.

Сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгында тараптар CARTIF алкактык макулдашуусунун негизги жана талаштуу жоболору боюнча мунасага жетише алышты.

CARTIF макулдашуусу регионалдык экономикалык байланыштарды чыңдоого, рынокторго жеткиликтүүлүктү кеңейтүүгө, экономиканы диверсификациялоого, санариптик сооданы жана чек ара аралык логистиканы өнүктүрүүгө, ошондой эле катышуучу өлкөлөрдүн ортосунда инвестицияларды тартууга багытталган.

Маалымат үчүн: CARTIF боюнча сүйлөшүү процесси 2026-жылдын 3-июнунда Улан-Батор шаарында ЦАРЭС өлкөлөрү тарабынан 2025-жылдын ноябрында кабыл алынган Бишкек министрлер декларациясын ишке ашыруунун алкагында расмий түрдө башталган. Манилада өткөн биринчи бетме-бет сүйлөшүүлөрдүн айлампасына чейин 2026-жылдын сентябрь айында виртуалдык форматта сүйлөшүүлөр жүргүзүлгөн. Анын жүрүшүндө эксперттер Алкактык макулдашуунун текстин жана сүйлөшүүлөрдүн алгачкы этабында макулдашуу пландалган артыкчылыктуу протоколдорду иштеп чыгууга киришкен.
Күндүн негизги жаңылыктары — Telegram каналыбызда Каналга катталуу

Мындан тышкары окуңуз

Экономика

Акыркы жаңылыктар

Баары

Москвада КМШга мүчө өлкөлөрдүн коопсуздук кеңештеринин катчылары чогулушту

Калктын жугуштуу ооруларга каршы иммунитети изилденүүдө

Баткенде 2 миңдей тургун таза суу менен камсыз болду

Министр болочок жол куруучулардын окуу процесси менен таанышты

Кол өнөрчүлөргө салык салуу жана ишкердикти каттоо өзгөчөлүктөрү түшүндүрүлдү