Ошто "акылдуу" аялдамаларды куруу боюнча аукцион жарыяланды
Ош шаарынын мэриясынын муниципалдык менчик башкармалыгы Ош шаарындагы эски аялдамаларды бузуп, алардын ордуна заманбап талаптарга жооп берген, жеңил типтеги конструкциядан жасалган, тейлөөчү жайы менен "акылдуу" аялдамаларды куруу боюнча аукцион жарыялады.
Аукционго төмөнкү жер тилкеси коюлат:
Ош шаарынын Жапалак айылдык аймактык башкармалыгынын аймагындагы Көкүм-Бий көчөсүндө, "Жапалак" айылдык аймактык башкармалыгынын имаратынын маңдайында жайгашкан жер тилкеси.
Билдирүүгө ылайык, аялдаманын тейлөөчү жайы менен жалпы аянты – 45,0 чарчы метр (анын ичинен тейлөөчү жайы – 13,5 чарчы метр).
Аукциондун старттык баасы – айына 3 158 сом. Жер тилкеси тейлөөчү жайы менен акылдуу аялдама куруу үчүн пайдаланууга берилет.
Кошумча талаптар:
- Аялдамаларды куруу демөөрчүлөрдүн эсебинен жүргүзүлөт;
- Ал ялдамалар Ош мэриясынын тиешелүү токтомунун негизинде муниципалдык менчик башкармалыгынын балансына өткөрүлөт;
- Муниципалдык менчиктин балансына алынган аялдамалар атайын комиссиянын чечимине ылайык ижара шартында берилет.
Аукционго катышуу үчүн төмөнкү документтер талап кылынат:
Жеке жактар үчүн:
- Паспорттун көчүрмөсү.
Юридикалык жактар үчүн:
- Нотариалдык жактан же каттоо жүргүзүүчү орган тарабынан күбөлөндүрүлгөн уюштуруу документтеринин көчүрмөлөрү;
- Уюмдун өкүлүнө аукционго катышуу үчүн белгиленген формадагы ишеним кат;
- Өкүлдүн паспорту;
- Аукциондун старттык баасынын 10 пайызы өлчөмүндөгү кепилдик төлөмдү;
- Тиешелүү лоттун старттык баасынын 0,5 пайызы өлчөмүндөгү комиссиялык жыйымды төлөгөндүгүн ырастаган документтер;
- Лоттун номерин көрсөтүү менен аукционго катышуу жөнүндө бекитилген формадагы арыз талап кылынат.
Аукционго катышууну каалаган жарандар жана юридикалык жактар төмөнкү дарекке кайрылышат:
Ош шаарынын мэриясынын муниципалдык менчик башкармалыгынын имараты, Ош шаары, Заднепровский көчөсү №4, 2-кабат, 5-бөлмө.
Аукционду өткөрүү мөөнөтү:
- Аукцион "Ош шамы" гезитине жарыя чыккан күндөн тартып бир ай ичинде өткөрүлөт.
- Арыздар 29 күндүн ичинде кабыл алынат.
- Аукционго бардык жеке жана юридикалык жактар, анын ичинде аукцион өткөрүлө турган күнгө бир күн калганга чейин катышуу жөнүндө арыз берген адамдар катыша алышат.
- Аукционго катышууну каалаган адамдар өздөрүнүн өкүлдөрү аркылуу ишеним каттын негизинде катышууга укуктуу.
Ош шаарынын мэриясынын муниципалдык менчик башкармалыгы тиешелүү объектти аукцион өткөрүлө турган күнгө 3 күн калганга чейин аукциондон алып салууга укуктуу.
Күндүн негизги жаңылыктары — Telegram каналыбызда
Каналга катталуу