Министр болочок жол куруучулардын окуу процесси менен таанышты

Министр болочок жол куруучулардын окуу процесси менен таанышты

Транспорт жана коммуникациялар министри Талантбек Солтобаев Кусейин Көлбаев атындагы окуу жайга барып, жол куруу тармагы үчүн адистерди даярдоо багытында жүргүзүлүп жаткан иштер менен таанышып кайтты. Бул тууралуу аталган министрликтен билдиришти.

Маалыматка караганда, иш сапардын жүрүшүндө министр окуу жайдын материалдык-техникалык базасын, окуу процессин, студенттердин теориялык билим алуусу жана практикалык көндүмдөрүн калыптандыруу шарттарын көрүп чыкты.

Жол куруу тармагында квалификациялуу инженерлерди, техникалык адистерди жана жумушчу кадрларды даярдоо маселелерине өзгөчө көңүл бурулду. Ошондой эле заманбап жол куруу технологияларын өздөштүргөн, кесиптик даярдыгы жогору адистерди даярдоонун маанилүүлүгү белгиленди.

Министр жол тармагын өнүктүрүүдө сапаттуу инфраструктура менен катар, кесипкөй кадрлардын болушу да маанилүү экенин белгилеп, окуу жай менен тармактык мекемелердин кызматташтыгын чыңдоо зарылдыгына токтолду.
Күндүн негизги жаңылыктары — Telegram каналыбызда Каналга катталуу

Мындан тышкары окуңуз

Коом

Акыркы жаңылыктар

Баары

Кыргызстанда мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдүн бирдиктүү реестри бекитилди

Москвада КМШга мүчө өлкөлөрдүн коопсуздук кеңештеринин катчылары чогулушту

Калктын жугуштуу ооруларга каршы иммунитети изилденүүдө

Баткенде 2 миңдей тургун таза суу менен камсыз болду

Манила шаарында CARTIF макулдашуусу боюнча сүйлөшүүлөрдүн экинчи айлампасы өттү