Чүйдөгү абакта электр прожекторлорун өндүрүүчү жаңы цех ишке кирди

Чүйдөгү абакта электр прожекторлорун өндүрүүчү жаңы цех ишке кирди

Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын № 1 мекемесинде "Макс Свето Техника" бренди астында көчөдө колдонулуучу электр жабдууларын өндүрүүчү жаңы цех ишке кирди.

Мекемеден кабарлагандай, учурда 25 соттолгон адам пилоттук режимде окуудан өтүп, өндүрүш процессин өздөштүрүүдө.

Цех толук өндүрүштүк кубаттуулукка чыккан соң 50гө чейин соттолгон адамды жумуш менен камсыз кылуу пландалууда.

Мындан тышкары, мекеменин аймагында жумшак жана корпустук эмеректерди, чыпкаларды, кепкаларды, пластикалык терезе жана эшиктерди өндүрүүчү цехтер, ошондой эле автоунааларды тейлөө борбору (СТО) иштеп жатат.

0:00
/1:07
Кыргызстандын экономика, бизнес, финансы тармактары боюнча маалыматтарды, ийгиликтүү ишкерлер менен болгон кызыктуу маектерди Ишкер MEDIA сайтынын Telegram, Facebook, Instagram, Threads жана Х каналдарынан окуп, көрүп туруңуздар. 

Күндүн негизги жаңылыктары — Telegram каналыбызда Каналга катталуу

Мындан тышкары окуңуз

Экономика

Акыркы жаңылыктар

Баары

РФнын 8 аймагында мигранттарга таксист болуп иштөөгө чектөө киргизүү пландалууда

Ошто мыйзамсыз аңчылык кылган жаран 10 миң сом айыпка жыгылды

Бишкек шаарынын тургундары мэрия өкүлдөрү менен жолугушту

Түп районунда 750 орундуу мектеп курулууда

Жарандардын кайрылууларын кароо тартибине өзгөртүүлөр киргизилди