Түп районунда 750 орундуу мектеп курулууда

Түп районунда 750 орундуу мектеп курулууда

Ысык-Көл облусунун Түп районундагы Түп айылында 750 окуучуга ылайыкталган мектеп курулууда. Долбоор республикалык бюджеттен каржыланып, объекттин жалпы наркы 438 миллион сомду түзөт.

Мектептин курулушу 2024-жылдын июль айында башталган.

Курулуш министрлиги билдиргендей, бүгүнкү күндө имараттын дубалдары тургузулуп, чатыры жабылган. Учурда ички курулуш жана жасалгалоо иштери жүргүзүлүүдө.

Архитектуралык долбоорго ылайык, имараттын жалпы аянты 5315 чарчы метрди түзөт.

Мектеп эки кабаттан туруп, анда негизги предметтер боюнча окуу класстары, лаборатория, китепкана, ашкана, дарыгердин бөлмөсү, жыйындар залы жана спорт зал каралган.

Объекттеги курулуш-монтаждоо иштери Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигине караштуу Турак жай-жарандык курулуш департаменти тарабынан көзөмөлдөнүүдө.

Кыргызстандын экономика, бизнес, финансы тармактары боюнча маалыматтарды, ийгиликтүү ишкерлер менен болгон кызыктуу маектерди Ишкер MEDIA сайтынын Telegram, Facebook, Instagram, Threads жана Х каналдарынан окуп, көрүп туруңуздар. 
Күндүн негизги жаңылыктары — Telegram каналыбызда Каналга катталуу

Мындан тышкары окуңуз

Экономика

Акыркы жаңылыктар

Баары

Бишкек шаарынын тургундары мэрия өкүлдөрү менен жолугушту

Чүйдөгү абакта электр прожекторлорун өндүрүүчү жаңы цех ишке кирди

Жарандардын кайрылууларын кароо тартибине өзгөртүүлөр киргизилди

Элдин электрондук капчыктарынан 11,5 млн сомдон ашык акчаны кымырып алгандар кармалды

Чүйдө мамлекеттик унаа лабораториясы ачылды