Борбор Азияга климаттык долбоорлор үчүн 200 млн евро бөлүнөт

Борбор Азияга климаттык долбоорлор үчүн 200 млн евро бөлүнөт

Борбор Азия өлкөлөрүндө климаттык туруктуулукту жогорулатуу жана жаратылыш экосистемаларын калыбына келтирүү үчүн жети жыл ичинде 200 млн евродон ашык каражат мобилизацияланат. Бул тууралуу Жаратылыш ресурстары министрлиги билдирди.

Маалыматка ылайык, бул маселе БУУнун Климаттын өзгөрүүсү боюнча конференциясынын (COP31) алкагында Антальяда өткөн министрлердин жолугушуусунда талкууланды. Ага Кыргызстандын жаратылыш ресурстары министри Акыл Токтобаев катышты.

Министр Кыргызстандын тоо экосистемаларын, токойлорун жана жайыттарын сактоо климаттык жана экологиялык коопсуздук үчүн маанилүү экенин белгиледи.

CLiCA аймактык программасы деградацияга учураган жерлерди калыбына келтирүүнү, климатка туруктуу айыл чарбасын өнүктүрүүнү жана фермерлерди каржылык ресурстар, технологиялар менен камсыздоону камтыйт.

Долбоор Борбор Азиянын климаттык туруктуулугун бекемдөөгө, жаратылыш ресурстарын натыйжалуу башкарууга жана жергиликтүү калктын жашоо шарттарын жакшыртууга багытталган.
Күндүн негизги жаңылыктары — Telegram каналыбызда Каналга катталуу

Мындан тышкары окуңуз

Экономика

Акыркы жаңылыктар

Баары

Бишкекте батир убада кылып 2,9 млн сом алган жетекчи кармалды

Сентябрда Кыргызстанга 274,1 млн доллар акча которулган

Кара-Балтада 41,2 млн долларлык фармацевтикалык комплекс курулууда

Кыргызстан менен Өзбекстан картошка экспортун үзгүлтүксүз камсыздайт

Ошто 11 турак үйдүн короосун суу каптады