Кыргызстан менен Өзбекстан картошка экспортун үзгүлтүксүз камсыздайт
11-ноябрда Ташкент шаарында Кыргызстандын айыл чарба министри Эрлист Акунбеков Өзбекстандын айыл чарба министри Иброхим Абдурахмонов менен жолугушту. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба министрлигинен билдиришти.
Маалымдалгандай, жолугушууда эки өлкөнүн айыл чарба тармагындагы соода-экономикалык кызматташтыгын кеңейтүү, экспорттук тоскоолдуктарды жоюу, кайра иштетүү тармагына инвестиция тартуу жана биргелешкен өндүрүш ишканаларын түзүү маселелери талкууланды.
Кыргыз тарап ата мекендик өндүрүүчүлөрдүн Өзбекстан рыногуна чыгуу мүмкүнчүлүгүн кеңейтүү үчүн кыргызстандык айыл чарба продукцияларын кайра иштетүүчү ишканаларды Өзбекстандын тиешелүү реестрине каттоо жол-жоболорун тездетүүнү сунуштады.
Ошондой эле айыл чарба продукцияларын кайра иштетүү боюнча биргелешкен ишканаларды түзүү, инвестиция тартуу жана өндүрүштүк кызматташтыкты өнүктүрүү маселелери каралды.
Мындан тышкары, үрөнчүлүктү өнүктүрүү, мал чарбачылыгына заманбап технологияларды киргизүү, асыл тукум иштерин жакшыртуу жана картошка өстүрүү боюнча тажрыйба алмашуу мүмкүнчүлүктөрү талкууланды.
Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар айыл чарба тармагындагы инвестициялык жана соода-экономикалык байланыштарды кеңейтүүгө, өз ара пайдалуу долбоорлорду ишке ашырууга жана талкууланган маселелер боюнча практикалык иштерди улантууга даяр экендиктерин билдиришти.