Кара-Балтада 41,2 млн долларлык фармацевтикалык комплекс курулууда

Кара-Балтада 41,2 млн долларлык фармацевтикалык комплекс курулууда

Президентке караштуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин башчысы Равшанбек Сабиров 11-ноябрда Чүй облусунун Кара-Балта шаарында "Стандарт Фарм Групп" ЖЧКсынын фармацевтикалык өндүрүш комплексинин курулушу менен таанышты. Бул тууралуу агенттиктин басма сөз кызматы кабарлады.

Маалымдалгандай, долбоорго жалпы 41,2 миллион АКШ доллары өлчөмүндө инвестиция салуу каралган.

Өндүрүш комплексинде дары-дармек каражаттарын, желатин капсулаларын жана физиологиялык эритмелерди чыгаруу пландалууда. Ишкана ишке киргенде 300гө жакын жаңы жумуш орду түзүлөт.

Долбоор ата мекендик фармацевтикалык өндүрүштү өнүктүрүүгө, медициналык продукциянын көлөмүн көбөйтүүгө жана импортко болгон көз карандылыкты азайтууга багытталган.

Мониторинг учурунда долбоордун учурдагы абалы жана ишкананы мындан ары өнүктүрүү пландары талкууланды.

Ошондой эле Равшанбек Сабиров компаниянын жергиликтүү студенттерди окутуп, кийин аларды ишканага жумушка орноштуруу боюнча тажрыйбасын белгиледи. Ал квалификациялуу жергиликтүү адистерди даярдоонун жана жаштарга кесиптик мүмкүнчүлүктөрдү түзүүнүн маанилүүлүгүнө токтолду.

Күндүн негизги жаңылыктары — Telegram каналыбызда Каналга катталуу

Мындан тышкары окуңуз

Экономика

Акыркы жаңылыктар

Баары

Борбор Азияга климаттык долбоорлор үчүн 200 млн евро бөлүнөт

Сентябрда Кыргызстанга 274,1 млн доллар акча которулган

Кыргызстан менен Өзбекстан картошка экспортун үзгүлтүксүз камсыздайт

Ошто 11 турак үйдүн короосун суу каптады

Чүйдүн суу объектилеринен 1000 метр синтетикалык балык уулоочу тор чыгарылды