Ошто 11 турак үйдүн короосун суу каптады
Ош шаарынын Жапалак айыл аймагына караштуу Төлөйкөн айылындагы Ынтымак конушунда 11 турак үйдүн короосун суу каптады. Анын ичинен үч үйдүн жер төлөсүнө жана ажатканасына суу кирген. Бул тууралуу ӨКМдин аймактагы башкармалыгы билдирди.
Маалыматка караганда, суу "Алаберди" кум-шагыл майдалоочу заводунун аймагындагы суу топтоочу көлмөнүн тосмосунун түбүнөн фильтрация болуп агып чыгуунун натыйжасында жайылган.
Окуя болгон жерге ӨКМдин Ош шаары боюнча башкармалыгынан 9 куткаруучу жана 2 мотопомпа, РӨКОдон 10 куткаруучу жана 2 мотопомпа, ошондой эле ӨКМдин Жарандык коргонуу департаментинен 2 адис тартылган.
Мындан тышкары, завод тарабынан 2 самосвал, 2 жүктөгүч жана 2 экскаватор бөлүнгөн.
Учурда куткаруучулар суу каптаган аймактардан сууну сордуруп чыгаруу, кырдаалды жөнгө салуу жана суунун андан ары жайылышына жол бербөө иштерин жүргүзүүдө.
Кошумча маалымат берилери кабарланды.
Күндүн негизги жаңылыктары — Telegram каналыбызда
Каналга катталуу