Кыргызстанда 7,7 млн долларлык сүт заводу курулууда

Кыргызстанда 7,7 млн долларлык сүт заводу курулууда

Бүгүн президентке караштуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин башчысы Равшанбек Сабиров "Нукура Про" ЖЧКсынын сүттү кайра иштетүү жана сүт азыктарын өндүрүүчү жаңы заводунун курулушу менен таанышты. Бул тууралуу агенттиктин маалымат кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, иш сапардын жүрүшүндө курулуш иштеринин абалы, долбоорду ишке ашыруунун учурдагы этабы жана ишкананы өндүрүштү баштоого даярдоо процесси каралды.

Долбоорго жалпы 7,7 млн АКШ доллары өлчөмүндө инвестиция тартылган.

Завод ишке кирсе, өлкөдө сүттү кайра иштетүү көлөмү көбөйүп, жаңы жумуш орундары түзүлөт. Ошондой эле ата мекендик сүт азыктарынын түрүн кеңейтүүгө жана аймактын экономикалык потенциалын жогорулатууга шарт түзүлөт.

Ишканада эл аралык сапат стандарттарына жооп берген, экспортко багытталган продукция өндүрүү пландалууда. Бул Кыргызстандын сүт азыктарын тышкы рынокторго чыгаруу мүмкүнчүлүгүн кеңейтүүгө багытталган.

Күндүн негизги жаңылыктары — Telegram каналыбызда Каналга катталуу

Мындан тышкары окуңуз

Экономика

Акыркы жаңылыктар

Баары

Бишкекте бир күндө 6 миң көчөт отургузуу пландалууда

Ошто үч эм наристе жарык дүйнөгө келди

Кыргызстанда Беларусь тракторлорун жыйноо жана өндүрүүчү завод куруу пландалууда

Улуттук банк коммерциялык банкка 65 миң сом айып пул салды

Лейлек РЭТ күз-кыш мезгилине даярдык иштерин толук аяктады