Баткенде наркы 265 миллион сомду түзгөн мектептин курулушу жүрүүдө
Баткен облусунун Кадамжай районундагы Ак-Кыя айылында 375 орундуу заманбап мектептин курулушу уланууда. Бул тууралуу Курулуш министрлигинен билдирди.
Долбоор Турукташтыруу фондунун эсебинен каржыланып, жалпы наркы 265 миллион сомду түзөт.
Архитектуралык долбоорго ылайык, мектепте негизги окуу класстары, компьютердик класс, эмгек кабинеттер, ашкана, китепкана, лаборатория, дарыгердин бөлмөсү, жыйындар залы жана бардык шарттары каралган спорт залы каралган.
Имараттын жалпы аянты 3377 чарчы метрди түзөт.
Курулуш иштери "Кыргызкурулуш" мамлекеттик ишканасы тарабынан жүргүзүлүүдө. Бүгүнкү күндө үч кабатуу имараттын дубалы тургузулуп, ички шыбак иштери аткарылды. Учурда чатырын жабуу иштери жүрүүдө.
Күндүн негизги жаңылыктары — Telegram каналыбызда
Каналга катталуу