Нарын шаары кышка даяр: калк үчүн 7 миң тоннадан ашык көмүр жеткирилди
Нарын шаарында 2026–2027-жылдардын күз-кыш мезгилине карата даярдык иштери уланууда. Калкты көмүр менен камсыздоо үчүн 10 миң тонна отун жеткирүү пландалса, анын 7 миң тоннадан ашыгы шаарга алынып келинип, тургундарга сатылууда. Бул тууралуу Нарын шаардык мэриясынын өкүлдөрү Ишкер медианын аймактык кабарчысына билдиришкен.
Мэриянын экономиканы өнүктүрүү, өнөр жай, ишкердикти колдоо жана инвестиция тартуу бөлүмүнүн жетектөөчү адиси Айгүл Мамажанованын маалыматына караганда, калктын кышкы керектөөсүн камсыздоо максатында шаарга жалпысынан 10 миң тонна көмүр жеткирүү пландалган.
“Тургундарга ыңгайлуу шарт түзүү жана көмүрдүн баасын туруктуу кармоо үчүн шаарда муниципалдык кампалар уюштурулган. Жеке ишкерлер менен кызматташуунун негизинде бүгүнкү күнгө чейин 7 миң тоннадан ашык көмүр жеткирилип, сатууга чыгарылды. Калган көлөмдү белгиленген мөөнөттө ташып келүү иштери уланууда” – деп билдирди, Айгүл Мамажанова.
Социалдык объектилерге 15 миң тоннадан ашык көмүр пландалган
Мэриянын маалыматына ылайык, “Нарын жылуулук берүү” муниципалдык ишканасына 2026–2027-жылдардын күз-кыш мезгилинде шаар тургундарын, социалдык объектилерди жана бюджеттик мекемелерди жылуулук менен камсыздоо үчүн жалпы 15 266 тонна көмүр отуну пландалган.
Учурда ишкананын кампаларына келишимде көрсөтүлгөн графикке ылайык 7 500 тонна көмүр жеткирилген. Калган отун кыш мезгилинде этап-этабы менен ташылып келинет.


Нарын шаардык жылуулук ишканасынын жетекчиси Мирлан Аманбаевдин айтымында, ишкана быйылкы жылытуу сезонуна карата көмүр сатып алуу жана жеткирүү иштерин жүргүзүүдө. Отундун сапатына, күйүү кубаттуулугуна жана сактоо шарттарына көңүл бурулуп, лабораториялык жана техникалык көзөмөл жүргүзүлүүдө.
Жылуулук системалары оңдоп-түзөөдөн өткөрүлгөн
Көмүр корун түзүү менен катар жылуулук берүүчү жабдуулардын, от казандардын жана магистралдык түтүктөрдүн техникалык абалы да текшерилген.
Чыгыш чөлкөмүнүн жылуулук ишканасынын башчысы Самат Бактыбековдун маалыматына караганда, жылытуу сезону башталганга чейин бардык от казандар, насостук агрегаттар жана жылуулук өткөрүүчү түйүндөр оңдоп-түзөөдөн жана гидравликалык сыноодон өткөрүлгөн.
“Системанын автоматташтырылган башкаруу бөлүгү жана авариялык кырдаалдардын алдын алуу чаралары да жөнгө салынган. Адистер күнү-түнү нөөмөт режиминде иш алып барып, аба ырайынын кескин суукташына жараша жылуулук берүүнүн температуралык графигин ыкчам жөнгө салып турушат”- дейт, Самат Бактыбеков.
Жалпысынан Нарын шаарында калкты көмүр менен камсыздоо, социалдык объектилерди жылытуу жана жылуулук системаларынын үзгүлтүксүз иштешин камсыздоо боюнча даярдык иштери уланууда.

