Айдоочулук экзамендерди өткөрүү үчүн аймактарга 63 жаңы автоунаа берилди
Кыргызстанда айдоочулук күбөлүк алуу үчүн практикалык экзамендерди өткөрүүгө 63 жаңы транспорт каражаты тапшырылды. Бул тууралуу президенттин Иш башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.
Маалымдалгандай, 25-ноябрда президенттин иш башкаруучусу Каныбек Туманбаев жаңы автоунааларды Транспорт каражаттарын жана айдоочулук курамды каттоо боюнча мамлекеттик борборго тапшырган.
Алар өлкөнүн аймактарында практикалык экзамендерди кабыл алууда колдонулат. Тактап айтканда, C1E категориясы үчүн 18 чиркегич, C категориясы үчүн 17 ISUZU, C1 категориясы үчүн 16 ISUZU жана D категориясы үчүн 12 JAC SUNRAY үлгүсүндөгү унаа берилди.
Жаңы транспорт каражаттары видеокөзөмөл системалары менен жабдылган. Ал эми экзамен кабыл алуучу кызматкерлер бодикамералар менен камсыздалган. Кийинки этапта практикалык экзамендерди кабыл алуу процессин автоматташтыруу пландалууда.
Белгилей кетсек, 6-ноябрда мамлекеттик автомектептерге B категориясы боюнча практикалык сабактарды өткөрүү үчүн 70 жаңы автоунаа тапшырылган. Ошентип, ноябрь айында айдоочуларды даярдоо жана экзамен алуу үчүн жалпысынан 133 жаңы транспорт каражаты берилди.
Мындан тышкары, мамлекеттик борбордун инфраструктурасы жаңыланууда. Ош шаарында жаңы автодром пайдаланууга берилсе, Бишкекте борбордун көп функционалдуу комплексинин жана дагы эки заманбап автодромдун курулушу жүрүп жатат.
Аталган реформалар айдоочуларды даярдоонун сапатын жогорулатууга, экзамендердин ачык-айкындуулугун камсыздоого жана коррупциялык тобокелдиктерди азайтууга багытталган.