Кыргызстан АӨБ менен туризм тармагындагы долбоорлорду каржылоо маселесин талкуулады
Кыргызстан туризмди туруктуу өнүктүрүү жана туристтик инфраструктурага инвестиция тартуу маселелерин Азия өнүктүрүү банкы (АӨБ) менен талкуулады. Бул тууралуу Туризмди өнүктүрүү мамлекеттик агенттиги билдирди.
Маалыматка ылайык, Филиппиндин Манила шаарында өткөн АӨБнын Туруктуу туризм форумуна (ADB Sustainable Tourism Forum 2026) агенттиктин директору Эдуард Кубатов катышты.
Форумда кыргыз тарап жергиликтүү калктын кирешесин жогорулатуу, жаңы жумуш орундарын түзүү, чакан жана орто бизнести колдоо, ошондой эле айылдык жана жамааттык туризмди өнүктүрүү боюнча артыкчылыктарын тааныштырды.
Мындан тышкары, туристтик кызмат көрсөтүүлөрдүн сапатын жакшыртуу, экологиялык инфраструктураны өнүктүрүү, жыл бою иштей турган туристтик багыттарды түзүү жана Казакстан менен туристтик байланыштарды кеңейтүү маселелери көтөрүлдү.
Иш сапардын алкагында Эдуард Кубатов АӨБнын Борбордук жана Батыш Азия департаментинин башкы директору Лия Гутьеррес жана банктын башка өкүлдөрү менен жолугушту. Анда туризм тармагындагы долбоорлорду каржылоо, чакан жана орто бизнести колдоо жана туристтик инфраструктурага инвестиция тартуу маселелери талкууланды.
Ошондой эле АӨБнын шаарларды өнүктүрүү жана суу менен камсыздоо бөлүмүнүн директору Сринивас Сампат менен жолугушууда Чолпон-Ата шаарындагы жана Бостери, Бактуу-Долоноту, Кара-Ой айылдарындагы тазалоочу курулмаларды куруу жана модернизациялоо мүмкүнчүлүктөрү каралды.
Жолугушуулардын жыйынтыгында тараптар кызматташууну улантууга жана биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу мүмкүнчүлүктөрүн кароого макулдашты.