Негизги импорт жана экспорт унаа каттамдары аркылуу жүрөт
Бажы кызматынын 11 унаа өткөрмө пункту, 4 аба жолдору, 4 темир жолдору өткөрмө пункту бар. Бул тууралуу бажы кызматынын төрагасы Улан Кимсанов "Биринчи радиого" курган маегинде билдирди.
Анын айтымында, негизинен импорт жана экспорттук товарлар унаа каттамдары аркылуу жүргүзүлөт. Ал мисал катары Ат-Башыда жайгашкан "Торугар" өткөрмө пунктун айтып берди.
"Мурун аптасына 5 күн иштесе, учурда Кытай менен сүйлөшүүлөрдөн соң, 7 күндү толук иштеп жатат. Мунун менен биз ишкерлерге шарт түзүп бердик. Башкача айтканда, соода-сатык тынбай жүрүп турат", - деди Кимсанов.
Күндүн негизги жаңылыктары — Telegram каналыбызда
Каналга катталуу