Кыргызстан менен Швейцария авиация тармагында кызматташат

Кыргызстан менен Швейцария авиация тармагында кызматташат

Кыргызстан менен Швейцария жарандык авиация тармагындагы кызматташтыкты өнүктүрүү боюнча меморандумга кол коюшту. Бул тууралуу Жарандык авиация мамлекеттик агенттиги маалымдады.

Маалым болгондой, документке Кыргызстандын Жарандык авиация мамлекеттик агенттигинин делегациясы менен Швейцариянын Жарандык авиация боюнча федералдык башкармалыгынын (FOCA) директору Франсин Циммерманн менен болгон жолугушуунун жыйынтыгында кол коюлду.

Жолугушууда тараптар жарандык авиацияны өнүктүрүү, эки тараптуу кызматташтыкты кеңейтүү жана мындан аркы өз ара аракеттенүүнүн багыттарын талкуулашты.

Меморандум эки өлкөнүн авиациялык мекемелеринин ортосунда билим жана тажрыйба алмашууга, эксперттик мүмкүнчүлүктөрдү өнүктүрүүгө жана биргелешкен демилгелерди ишке ашырууга шарт түзөт.

Документ эки өлкөнүн авиация тармагындагы кесиптик байланыштарын бекемдөөгө жана кызматташууну улантууга багытталган.

Күндүн негизги жаңылыктары — Telegram каналыбызда Каналга катталуу

Мындан тышкары окуңуз

Экономика

Акыркы жаңылыктар

Баары

Мыйзамсыз онлайн-казино: 276 оюн автоматы табылды

Нарында 77,5 млн сомдук спорткомплекс курулууда

Кыргызстанга ташылган унаалардын жарымы кайра экспортко чыгат

Эдуард Кубатов туризмди өнүктүрүүдөгү үч негизги тоскоолдукту атады

Экспортко багытталган ишканалар Кепилдик фонддон финансылык колдоо табышты