Эдуард Кубатов туризмди өнүктүрүүдөгү үч негизги тоскоолдукту атады

Эдуард Кубатов туризмди өнүктүрүүдөгү үч негизги тоскоолдукту атады

Туризмди өнүктүрүү мамлекеттик агенттигинин директору Эдуард Кубатов "Ачык кабинет" программасынын алкагында журналисттер менен бир күндүк иш сапары учурунда туризм тармагындагы үч негизги көйгөйгө токтолду.

Жетекчинин айтымында, биринчи маселе - туристтик объекттерди куруу үчүн жер алуу жана аны узак мөөнөткө ижарага берүү. Буга чейин жер тилкелери 5 жылга гана ижарага берилип, мөөнөтү бүткөндөн кийин келишимди узартууда кыйынчылыктар жаралган.

Агенттиктин директору туристтик объекттер үчүн ижара мөөнөтүн 20 жылга чейин узартып, жерге байланышкан, анын ичинде кызыл китеп жана ижара маселелерин чечүү керектигин айтты. Жер маселеси чечилбесе инвестици да болбой турганын белгиледи.

Экинчи маселе - суу коргоо зоналарындагы чектөөлөр. Учурда 100 метрлик суу коргоо тилкесине байланыштуу туристтик объекттерди суунун жээгине жакын жайгаштыруу мүмкүнчүлүгү чектелүү. Кубатовдун пикиринде, экологиялык талаптарды сактоо менен жеңил конструкциядагы туристтик объекттерди суудан 25 метр аралыкта курууга уруксат берүү зарыл.

Мындай объекттерге эл аралык стандарттарга жооп берген, сапаттуу саркынды сууларды тазалоо системасы орнотулушу керек. Ошондой эле тиешелүү уруксаттар алынып, объект ээлерине суунун жээгинин эки тарабындагы 500 метрлик тилкени таза кармоо милдети жүктөлөт. Анын айтымында, бул сунушту президент колдоп, тиешелүү мыйзамдарга өзгөртүү киргизүү иштери Министрлер кабинетинде башталган.

Үчүнчү маселе токой чарбаларына байланыштуу. Кубатов туристтик объекттерди токой аймактарында курууга шарт түзүү зарылдыгын белгилеп, ошол эле учурда жаратылышты коргоо стандарттары сакталууга тийиш экенин айтты.

Учурда 1 гектар токой тилкесине эсептелген коргоо чыгымдарынын негизинде 10 млн сомго чейин төлөм каралышы мүмкүн. Бул ишкерлер үчүн чоң чыгым жаратып, токой аймактарында туризмдин өнүгүшүнө тоскоол болууда. Ошондуктан төлөмдү бир гектарга эмес, иш жүзүндө курулуш жүргүзүлө турган аянтка жараша эсептөө сунушталып жатканын кошумчалады.

Эдуард Кубатов бул үч маселе мыйзамдарга өзгөртүү киргизүү аркылуу чечилсе, туризм тармагына инвестиция тартууга жана туристтик объекттерди өнүктүрүүгө кеңири мүмкүнчүлүк түзүлөрүн белгиледи.
Күндүн негизги жаңылыктары — Telegram каналыбызда Каналга катталуу

Мындан тышкары окуңуз

Коом

Акыркы жаңылыктар

Баары

Нарында 77,5 млн сомдук спорткомплекс курулууда

Кыргызстанга ташылган унаалардын жарымы кайра экспортко чыгат

Экспортко багытталган ишканалар Кепилдик фонддон финансылык колдоо табышты

Чүйдө өндүрүш объектине 200 миң сом айып салынды

Ошто 58,8 млн сомдук спорт комплекси ачылууга даярдалууда