Нарында 77,5 млн сомдук спорткомплекс курулууда
Нарын шаарында 77,5 миллион сомго бааланган спорткомплекстин курулушу 70 %га аткарылды. Бул тууралуу Курулуш министрлигинен билдиришти.
Маалыматка караганда, объект республикалык бюджеттин эсебинен каржыланып, быйыл апрель айында курула баштаган.
Долбоорго ылайык, имараттын жалпы аянты 1118 чарчы метрди түзөт. Спорткомплекс эки блоктон туруп, үч кабаттуу болуп курулууда.
Күндүн негизги жаңылыктары — Telegram каналыбызда
Каналга катталуу