Мыйзамсыз онлайн-казино: 276 оюн автоматы табылды

Мыйзамсыз онлайн-казино: 276 оюн автоматы табылды

Бишкекте онлайн-кумар оюндарын мыйзамсыз уюштуруп, өткөрүп келген жай аныкталды. Бул факты боюнча кылмыш иши козголуп, мамлекеттик бюджетке салык төлөбөө жана кирешелерди жашыруу жагдайлары текшерилип жатат. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматынан кабарлашты.

Билдирүүгө караганада, ИИМББна Бишкек шаарындагы объектилердин биринде мыйзамсыз онлайн-кумар оюндары уюштурулуп жатканы тууралуу ыкчам маалымат түшкөн. Аталган факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 262-беренесинде каралган кылмыштын белгилери менен кылмыш иши козголгон.

Тергөө иштеринин алкагында оюндар уюштурулган жайда тинтүү жүргүзүлүп, онлайн-кумар оюндарын өткөрүү үчүн колдонулган 276 оюн автоматы табылган.

ИИМдин маалыматына ылайык, бул жайдын өзгөчөлүгү оюндардын физикалык оюн автоматтары аркылуу онлайн форматта өткөрүлгөнүндө болгон. Кыргызстандын аймагынан тышкары жүргөн оюнчулар уюлдук телефондор аркылуу автоматтарга туташып, коюмдарды коюп, оюндарга аралыктан катышкан. Казинонун кардарлары чет өлкөлүк жарандар болгон.
Текшерүү учурунда онлайн-кумар оюндарын уюштурган компания 2024-жылы мамлекеттик каттоодон өтүп, тиешелүү лицензия алгандыгы аныкталган. Бирок каттоодон өткөндөн бери мамлекеттик бюджетке салык төлөгөн эмес. Ушуга байланыштуу, тергөөчүлөр кирешелерди жашыруу, мыйзамсыз пайда табуу, акча каражаттарын адалдоо жана бюджетке милдеттүү төлөмдөрдү төлөбөө фактыларын текшерүүдө.

Аталган ишке тиешеси бар деп шектелген жарандар аныкталды. Тергөө кызматына 1983-жылы туулган А.А., 2002-жылы туулган С.Г., 2004-жылы туулган Б.И. жана чет өлкөлүк 1986-жылы туулган Т.С. менен 1982-жылы туулган С.М. жеткирилген.

Учурда кылмыш ишинин бардык жагдайларын жана мамлекетке келтирилген зыяндын өлчөмүн аныктоо боюнча ыкчам-тергөө иш-чаралары уланууда.

Күндүн негизги жаңылыктары — Telegram каналыбызда Каналга катталуу

Мындан тышкары окуңуз

Экономика

Акыркы жаңылыктар

Баары

Кыргызстан менен Швейцария авиация тармагында кызматташат

Нарында 77,5 млн сомдук спорткомплекс курулууда

Кыргызстанга ташылган унаалардын жарымы кайра экспортко чыгат

Эдуард Кубатов туризмди өнүктүрүүдөгү үч негизги тоскоолдукту атады

Экспортко багытталган ишканалар Кепилдик фонддон финансылык колдоо табышты