Кыргызстанга ташылган унаалардын жарымы кайра экспортко чыгат
Өлкөгө жеңил унаалар эң көп Кытайдан ташылат. Бул тууралуу бажы кызматынын төрагасы Улан Кимсанов ачык кабинет долбоорунун алкагында билдирди.
Анын айтымында, Орусия, Япония, Түштүк Корея, Казактсан АКШ жана Европадан дагы импорттолорун белгилеп, унааларды алып келүүгө чектөө жок экенин айтты. Кимсанов билдиргендей, башкысы мыйзамга жана стандарттарга жооп бериши керек.
Бажы кызматынын башчысы ташылып келинген унаалардын теңи кайра экспортко чыгарын кошумчалады.
"Ал эми электромобилдер боюнча транзиттик гана тартип каралган. Россияны алсак, ал өлкө бажы тариздерин өздөрүнүкү менен өткөрүшөт. Ошол үчүн Кыргызстан аркылуу транзит менен гана өтөт", - деди Кимсанов.
0:00
/1:58
Күндүн негизги жаңылыктары — Telegram каналыбызда
Каналга катталуу