Кыргызстанда БУУ менен биргеликте тарыхта алгачкы туризм форуму өтөт

Кыргызстанда БУУ менен биргеликте тарыхта алгачкы туризм форуму өтөт

3–4-декабрда Кыргызстанда Бириккен Улуттар Уюму (БУУ) менен биргеликте эл аралык туризм форуму өткөрүлөт. Ага 300гө жакын чет өлкөлүк конок, спикер жана эксперт катышат. Бул тууралуу Туризмди өнүктүрүү мамлекеттик агенттигинин директору Эдуард Кубатов билдирди.

Анын айтымында, форумда Кыргызстандын туризм тармагын өнүктүрүүнүн келечеги, негизги багыттары жана мүмкүнчүлүктөрү талкууланат.
Иш-чаранын негизги темасы - аялдардын кыргыз туризмин өнүктүрүүдөгү ролу. Анда аялдардын туризм тармагына кошкон салымы, алардын укуктарын коргоо жана ишкерлигин колдоо маселелерине өзгөчө көңүл бурулат.

Форум эл аралык тажрыйба алмашууга, туризм тармагындагы көйгөйлөрдү талкуулоого жана кызматташтыкты кеңейтүүгө багытталган.

Күндүн негизги жаңылыктары — Telegram каналыбызда Каналга катталуу

Мындан тышкары окуңуз

Экономика

Акыркы жаңылыктар

Баары

Кыргызстан менен Швейцария авиация тармагында кызматташат

Нарында 77,5 млн сомдук спорткомплекс курулууда

Кыргызстанга ташылган унаалардын жарымы кайра экспортко чыгат

Эдуард Кубатов туризмди өнүктүрүүдөгү үч негизги тоскоолдукту атады

Экспортко багытталган ишканалар Кепилдик фонддон финансылык колдоо табышты