Электр тармагынын кампасынан материалдык баалуулуктар жоголуп жаткан

Электр тармагынын кампасынан материалдык баалуулуктар жоголуп жаткан

Улуттук коопсуздук мамлекеттик кызматы Ош электр тармактары ишканасынын кампасынан материалдык баалуулуктарды системалуу түрдө ыйгарып алуу жана мыйзамсыз сатуу фактысын аныктады. Бул тууралуу аталган кызматтан маалымдашты.

Маалыматка ылайык, борбордук кампанын башчысы М.А.М. узак убакыт бою өзүнө ишенип тапшырылган, электр берүү линияларын оңдоо жана эксплуатациялоо үчүн арналган АС-95, АС-185 жана АС-300 маркасындагы алюминий зымдарын мыйзамсыз сатып турган.
Мыйзамсыз аракеттердин натыйжасында ишканага ири өлчөмдө материалдык зыян келтирилген. Кампадагы материалдык запастардын жетишсиздиги Ош облусунун энергетикалык инфраструктурасын 2026–2027-жылдардын күз-кыш мезгилине даярдоо алкагында оңдоо иштерин өз убагында жүргүзүүгө тобокелдиктерди жараткан.
Учурда окуянын бардык жагдайларын аныктоого, уурдоонун кошумча фактыларын жана мыйзамсыз ишмердүүлүккө тиешеси бар башка адамдарды аныктоого багытталган тергөө-ыкчам иш-чаралары жүргүзүлүүдө, деп билдиришти УКМКдан.
Күндүн негизги жаңылыктары — Telegram каналыбызда Каналга катталуу

Мындан тышкары окуңуз

Энергетика

Акыркы жаңылыктар

Баары

Нарын шаарында жылуулук берүү 30 откана аркылуу жүргүзүлүүдө

Касымалиев COP31 алкагындагы Лидерлердин саммитинин ачылышына катышты

Кыргыз-өзбек айыл чарба министрлери кызматташуу боюнча сүйлөшүштү

Өз графиги жана маршруту: курьердин бир күнү

Президенттик шайлоого талапкерлигин көрсөткөн жарандардын саны 9га жетти