Лейлек РЭТ күз-кыш мезгилине даярдык иштерин толук аяктады
"Кыргызстан улуттук электр тармагы" ААКнын Лейлек райондук электр тармактары ишканасы 2026–2027-жылдардагы күз-кыш мезгилине даярдык көрүү боюнча тогуз айга белгиленген иштердин планын толугу менен аткарды. Бул тууралуу Баткен электр тармактар ишканасы билдирди.
Маалымдалгандай, даярдыктын алкагында Лейлек районунда 40 даана 6/10/0,4 кВ күчтүк трансформатор жана 118 чакырым 10/0,4 кВ аба чубалгысы капиталдык оңдоодон өткөрүлдү. Ошондой эле 170 көмөкчордонго жана 465 чакырым аба чубалгысына техникалык тейлөө жүргүзүлдү.
Капиталдык курулуш иштеринин алкагында район боюнча 8,5 чакырым жаңы аба чубалгысы тартылып, Раззаков шаарында, Ак-Суу жана Катраң айылдарында кубаттуулугу 250 кВА болгон 3 жаңы трансформатор орнотулду.
Аткарылган иштер электр тармактарынын ишенимдүүлүгүн жогорулатууга, күз-кыш мезгилинде авариялык өчүрүүлөрдүн алдын алууга жана калкты үзгүлтүксүз электр энергиясы менен камсыз кылууга багытталган.
Белгилей кетсек, Лейлек райондук электр тармактары ишканасы учурда жалпы 17 339 абонентти электр энергиясы менен камсыз кылат.