Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмү 8.7 млрд куб метрди түздү
![Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмү 8.7 млрд куб метрди түздү](/content/images/size/w1200/2024/02/1052939848_0_322_3067_2047_1920x0_80_0_0_d79ec5aa85ff78e427f7d4550acd3cb0-1.jpg)
Токтогул суу сактагычында суунун көлөмү 8 млрд 792 млн куб метрди түздү. 2024-жылдын 12-февралына карата маалыматты «Электр станциялары» ААК жарыялады.
Такталгандай, суунун агып келиши секундасына 144 куб метрди түзсө, сууну керектөө секундасына 468 куб метрди түзүүдө.